www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Төрага Дастанбек Жумабековго көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

"Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Биз, ТҮРКСОЙ жамааты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу кабарды кабыргабыз кайышуу менен кабыл алдык. Кыргызстан үчүн орду толгус жоготуу болду. Андыктан, сиз жетектеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жалпы кыргыз элине көңүл айтабыз, аза кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз.

Турсунбеков Чыныбай Акунович депутат катары да, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы катары да ТҮРКСОЙдун Кыргызстанга байланыштуу долбоорлорун колдоого алып келген. ТҮРКСОЙдун буйрутмасы менен драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Коркут Ата” драмасын Кыргызстандын Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында сахналанышына астейдил жардамын көрсөтүп, прьемерасына өзү келип катышкан.

Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин жалпы Түрк дүйнөсүнө өтөгөн кызматы да кыйла. Ал биринчилерден болуп эгемендүү Кыргызстандын атынан Түркияда иштеген, биринчилерден болуп түрк тилин өздөштүргөн кыргыз айдыңы. Заманында Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, TIKA кызматкери, Кыргызстандын «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын мүдүрү кызматтарын аркалаган.

"Түрк дүйнөсүнүн адабияты" аталышындагы эки томдук китепти, Нихал Атсыздын "Көкжалдардын өлүмү" романын кыргыз тилине которгон.

Жалпы Түрк дүйнөсүнө жасаган эмгектерин эске алуу менен ТҮРКСОЙ Чыныбай Турсунбековду 2017-жылы ТҮРКСОЙдун Жусуп Баласагын медалы менен сыйлаган.

Эбегейсиз эмгегин эли-журтуна, түрк дүйнөсүнө  арнаган акын, мамлекеттик ишмер Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин элеси биздин да жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости