www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йорк штатында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 7-8 миң АКШ доллары өлчөмүндө керектүү дары-дармектерди сатып алууну чечишкен. Бул жардам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Гансидеги реанимация бөлүмүнө жана №6 үй-бүлөлүк медицина борборуна берилет. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилиги билдирди.

Ал эми Филаделфия шаарындагы кыргызстандыктар медициналык мекемелерге 24 кычкылтек концентраторун жана керектүү дары-дармектерди сатып алууну пландаштырууда. Питтсбургда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү райондук ооруканаларга сегиз, Огайо штатындагы кыргызстандыктар 20 кычкылтек концентратору менен кошо дары-дармектерди сатып беришет. Чикагодогу кыргыз диаспорасынын лидерлери жана мүчөлөрү “Элим, барсыңбы?” фондуна 20дан ашык кычкылтек концентраторун сатып алууга каражат жиберишет.

Флорида штатында жашаган кыргызстандыктар Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканалардын муктаждыктары үчүн жалпы суммасы 9 миң АКШ долларына которушту. Ошондой эле алар Ысык-Көл облусундагы райондук ооруканалардын биринин 5 дарыгеринин маяналарын төлөп беришет. Хьюстон шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Бишкектеги байкоо борборлорунун бирине 2 кычкылтек концентраторун сатып алышкан. Калифорния штатында жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү «Аялдар лигасы» уюмуна 10 даанага жакын кычкылтек концентраторлорун сатып алыш үчүн акча жиберүүнү чечишти.

Мындан тышкары, АКШдагы кыргызстандыктар тарабынан март айынан бери мекенине жардам катары, медициналык жабдууларды сатып алууга жана азык-түлүк үчүн жалпы 40 миң доллардан ашуун акча жиберилген.

10-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 511 адам катталды. Ушуну менен жалпы оору жуккандардын саны 9,5 миң кишиге чамалады. Оорудан 3134 адам айыкты. 122 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости