www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин пресс-кызматы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун видеокайрылуусун эмне үчүн өчүрүүгө мажбур болгондугу тууралуу айтып берди. 

“Видеокайрылуу туура эмес жазылган билдирүүлөрдүн көп байкалгандыгына байланыштуу өчүрүлдү. Аны менен катар билдирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү аймак аралык кастыкты козутууга багытталган. Ошондой эле жарандын ар-намысына шек келтирилген. Билдирүү калтыргандардын көбү өз аты менен кирген эмес, ошондуктан видеону өчүрүп, кайра билдирүү функциясын өчүрүп туруп жүктөөгө туура келди. Белгилей кетүүчү нерсе, видео башка ресурстарда, президенттин сайтында жана Facebook расмий баракчасында сакталган", - деп билдирди басма сөз кызматы.   

Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусу дээрлик бардык ММКларда жарыяланган. Жада калса социалдык тармактарда, мессенджерлерде кенен жайылып кеткени баарыбызга маалым. Ошондой эле президенттин пресс-кызматы расмий сайттын Youtube каналына дагы жүктөгөн. Белгилей кетчү нерсе билдирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү фейк аккаунттардан жазылган.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-июлда президенттик аппараттын YouTube каналына Сооронбай Жээнбековдун учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу элге жасаган видеокайрылуусу жарыяланган. Видеону 30 миңге жакын көрүүлөр, 4 миң жактырбоо (колдонуучулардын жактырбоосу) жана 323 жактыруу (колдонуучунун жактыруусу) баскычы коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости