www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча макулдашуу болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

“Бүгүнкү күнү эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүлүп, алдын ала макулдашуу болгон. Ал каражаттын жарымынан көбүн – 321 млн долларын алдык. 306 млн долларды күтүп жатабыз”, - деди Асрандиев.

Анын айтымында, чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.

$171 млн айлык акыларды төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталган. Бул сумманын 80%ы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды.

Дүйнөлүк банктын $2,2 млн медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер Дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө.

 $3 млн дан сатып алууга жумшалган.

 $1,3 млн ӨА режими учурунда гумжардам көрсөтүүгө сарпталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости