www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дубай коронавирусту жеңгенин салтанаттуу түрдө майрамдады. Дубайдагы талаа ооруканасы акыркы бейтапты чыгарып, жабылганын чет элдик маалымат булактары билдирди.

Белгиленгендей, акыркы бейтап Япониянын жараны  Хироаки Фудзита экен. Ал дарыгерлердин кол чабуулары менен ооруканадан узатылды. 

"Ооруканалар экинчи толкун болуу ыктымалдыгы бар болгондуктанмедициналык жабдыктарды сактап калууну чечишти. Баары жакшы болуп жаткандыктан, дубайлыктар эмне үчүн чек араларды ачып, эмне үчүн туризмди кайрадан жандандырбайбыз деген пикирге келишти. Бийликтегилердин айтымында, саякатчылар COVID-19га карата тапшырган анализдин  таза экенин тастыктаган документтер менен келсе, эч кандай коркунуч болбойт. Анализге ээ болбогондор Дубайдан тапшырышат.  Эгер күтүлбөгөн жерден "+" пайда болсо, анда турист эс алууну Дубайдын карантининде өткөрүүгө аргасыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министри жана Шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум башаламандыкты жеңүүгө убада берген жана сөзүн аткарган. Балким БАЭ эпидемиянын экинчи толкунуну болбой калышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости