www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги элчи Азимбек Бекназаров менен БШКнын партиялар кайрымдуулук кылса, “подкуп” болуп калат дегени боюнча жеке пикирин уктук. 

--Азимбек Анаркулович, БШК партиялар кайрымдуулук кылса «подкуп» болуп калат деп айтып жатат го? Бул боюнча пикириңиз кандай?

--Партиялар Боронов мырза айткандай, Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу кайрымдуулук кылса, гумжардам берсе “подкуп” болбойт, «подкуп» бул кайсы бир шайлоочунун добушун алуу үчүн шайлоочуга акча же башка нерсени түз берсе гана болот. Партиялар шайлоочуларга ошондой материалдык же башка нерселерди түз таратканга болбойт. Өкмөткө жана Саламаттыкты сактоо министрлигине, мамлекетке жардам берсе кылмыш эмес, эл аралык уюмдар, чет элдик уюмдар деле Өкмөткө жардам берип жатпайбы. Шайлоо деп аны да албай коюш керекпи? 

--Баса, королго жолукканда президенттин ишеним грамотасын малай тилинде сүйлөп тапшырыпсыз, малай тилинде сүйлөп калдыңызбы?

--Мен малай, англис тилдерин  үйрөнө баштадым. Бирок, эки тилди бирдей өздөштүрүү кыйын болсо да, үйрөнүп, ишти илгерилетүүнүн аракетин кылып жатам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости