www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1.Жаз айында максималдуу чаралар көрүлүп, карантинге алынды. Ал убакта элге вирус жайылган жок, ыкчам аракеттердин жыйынтыгы менен ооругандар айыгып кетти.

2.Бул аралыкта “коронавирус жок, аны бийлик оюнан чыгарды” - деген маалыматтарды Мадумаров, Момбеков сыяктуу чоӊ саясатчылар элге таратып, элди көчөгө чыгууга, эрежени сактабоого үндөштү. Аларга ишенгендер, “бийлик бизди алдап жатат, жөн эле карантинге камады” - деп айта башташты.

3.Россиянын аймагында катуу көзөмөл жүрүп, бир дагы элчилик иштеген жок. Жалгыз гана Кыргызстандын элчилиги иштеп, мигрант кыргыздар барып эшигин тепкилеп, “бизди Кыргызстанга жибер”-деген талаптарын коюшту.

4.Көпчүлүк суранып, “Кыргызстанга оору алып барасыӊар, ал жактагы тууганыӊарды аягыла”-деген чакырыктарга эч ким кулак салган жок. Макулдашпай туруп, жолго чыгып, “көчөдө калдык, кыргыз бийлиги бизди карабай койду” - деп догурунушту. Мындай абалды Кыргызстандагы саясатчылар козутуп, “президент элине күйбөйт, кыргыз тентип калды, талаада жатып калды” - деп өз кызыкчылыктарына колдонушту.

5.Мамлекет талаада калган кыргызстандыктарды сүйлөшүү жолу менен алып келип, обсервацияга жаткырды. Милдет кылып, догурунган көпчүлүк Кыргызстанга карай агылып баштады. Обсервацияга дагы жөн жатпай, качып чыгып, үйлөрүнө кетип калышты.

6.Ушундай баш аламандык коронавирустун жайылышына түрткү берди.

7.Карантин убагында саясатчылар, “эл чыдамы кетти, бул бийлик болбой калды, элди камап салды”-деген сөздөрдү айтып, элди көчөгө чыгууга козутушту.

8.Карантин бүткөн соӊ элдер маскасын чечип ыргытып, той берип, куран окутуп, саясатчылары баш болуп 300дөн ашык элди ресторанга чакырып, митинг уюштуруп башташты.

9.Эреже сакталбай калгандан кийин, коронавирус кулачын жайды, учурда эл кырылып жатат. Баягы “коронавирус жок” деген саясатчылар, кайра деле “бул бийлик болбой калды, кетириш керек, революция кылыш керек”-деген бузукулук сөздөрүн айтып жүрүшөт.

10.Дүйнөдө, экономикасы алдыдагы мамлекеттин бийлиги дагы бул ооруга туруштук бере алган жок. Бул оорудан – тартип, эрежени сактоо жана ынтымак менен гана чыгышты.

11.Коронавирус – бузукуларга саясий пайда, мамлекетке оор сыноо, элге азап болду.

Кубат Атамбаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости