www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекенчил жана саясий күчтөр өткөргөн курултайдын күнгөй-тескейи, кемчилиги артыкчылыгы боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Азимбек Бекназаров төмөнкү нерселерге токтоло кетти.

- КСДП 20-ноябрга чейин "курултайга катышабыз" деп келген. Анан эле курултайда Каптагаев сүйлөй тургандыгын угуп, "келбейбиз" деп койду. Мен ошон үчүн КСДПнын айрым мүчөлөрүнө кайрылат элем: бутуңарды же Атамбаев тарапка тартып алгыла, же азыркы президент Жээнбековго тарапка тартып алгыла.

Мен баяндамамда айттым, биз азыр "Жээнбеков менен кошо ушул конституциялык реформага барабыз" деп бутубузду биротоло Жээнбеков тарапка тартып алдык. Чечтик, ошону. Курултай ошол чечимди кабыл алып берди. Биздин арабызда да "талтайгандар" болсо, эртең аткаруу комитетинин биринчи жыйынында ошол "талтайгандардын" бир бутун кесебиз, - деди Азимбек Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости