www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен  айрым саясий маселелер боюнча ой бөлүштүк.

--Азимбек Анаркулович, кандуу окуя үчүн Убактылуу Өкмөт жооп бериш керек деген пикирлер арбын айтылууда. Камчыбек Ташиев “Түштүк коогалаңы боюнча Убактылуу Өкмөт күнөөлүү. Аларды сотко бериш керек” деди. Анын койгон дооматы жөндүүбү?

--Ал өзүмдүн үкам, айрым маселелерде мага окшоп беттегенин бербейт негизи. Далили жок урдуруп коймою да бар.

Убактылуу Өкмөттү жамандап жүргөнү үчүн “Ата Журт” партиясы казактардан 3 млн. доллар алышканын Садыр Жапаровдун китебинен да окусаңар болот. Дагы бир Убактылуу Өкмөттү ушул күнгө чейин «жамандап ырдап» жүргөн казактардын пайдасы үчүн Кыргызстандын бүтүндүгүн «сактаган» азаматыбыздын да казактардан ошондой сумма алганы жөнүндө маалымат бар. Анан албетте, буйрук алган соң алар Убактылуу Өкмөттү жамандабаганда кимди жамандашмак эле. 

Убактылуу Өкмөттү өздөрү бийликте турганда минтип жамандап отурбай 2011-жылы бир жеринен Ак үйдүн тосмосуна илип койсо болмок.

Анткени, Убактылуу Өкмөттүн да күнөөсү бар. Окуянын алдын алалбай, коогалаңга жол берген. Бирок, уюштурган дегени жарашпай жатат. Албетте, Убактылуу Өкмөттүн  айрым мүчөлөрүнүн өзбек туугандардын добушун алуу үчүн Кадыржан Батыровго окшогондор менен биригип, арестте турган Бакиевдердин үйлөрүнүн өрттөлүшүнө катышканы, Кадыржан Батыров айткан адамдарды кызматка койгон фактылар кайсы бир деңгээлде чыңалууну жараткан. Бирок, бул уюштурган дегенди далилдебейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости