www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР жараны Азимбек Бекназровдун Унгар-Тоо боюнча 2016-жылдагы маеги... Унгар-Тону кимдер садага чапкан, төмөнкү макалада толугу менен:

Күтүлбөгөн жерден 2016-жылдын 18-мартында Аксы-Ала-Бука жолунун Сары-Булак участкасын Өзбекстандын аскерлери кирип басып алды. Атамбаев Парламент же Өкмөт оппозицияга каршы иш жүргүзгөндөй чек араны бузуп келгендерди чыгаруу боюнча иш чара көргөн жок. «Эл үнү» саясий-коомдук кыймылынын мүчөлөрү 24-марттагы Ошто өтө турган элдик курултайдын 1-этабын Аксы районунун борбору Кербенде 22-мартта өткөрүп, жергиликтүү элге колдоо көрсөтүүнү чечтик. 22-мартта Кербенде жыйындын алдында Сары-Булакка барып, чек арачылар менен жолугуштук. Абалды көрдүк. Өзбектер Кыргызстандын жерин, жолун бир тараптуу басып алган экен.

Кайра Кербенге келсек эл алдында Т.Сариев: «Бул жерлер спорный жерлер экен, ошол үчүн Өзбекстан басып алды, аларды сүрүп чыгарабыз...» - деп сүйлөп жатыптыр. Анын Сары-Булакты «спорный» деп билбей туруп айтьш жатканына ачуум келип, Сариев кете элегинде айтып калууну туура көрүп, чыгып айттым.

- Силер Акаев баш болуп Үзөңгү-Куушту да «спорный» деп жүрүп Кытайга бергенсиңер, эми Аксынын талаш эмес жерин «спорный» деп жатасыңар, жок дегенде өзбектер басып алган жердин кимики экенин жакшылап билип албайсыңарбы? Сары-Булак кыргыздардыкы, болгондо да ал жерлер элге үлүшкө берилген жерлер. Мурдагы Аксы- Ала-Бука каттам жолун Өзбекстан бир тараптуу басып алгандан кийин, Кыргызстан 1998-2000-жылдары талаш эмес Сары-Булак аркылуу айлампа жолун салууга аргасыз болуп, ошондо жол «спорный эмес» Сары-Булак аркылуу өткөн, - деп Сариевге жооп бердим.

Ал мага каяша кылып, «Азимбек Анаркулович, көзүңүздү карап туруп айтам, муну өзүңөр мурда чечип койбойсуңарбы!» - деп кызууланды, ачуу чындыкка чычалап кетип калды.

Жыйында көптөгөн адамдар сүйлөдү. Аксы районунун акими М.Айдаралиев уюштурган менин мурдагы айрым шайлоочуларым, Оштон атайын алып келинген, гражданча кийинген милиция кызматкерлери менен жыйынды бузууга аракет кылды. Бирок маселе жер жөнүндө, Унгар-Тоо, Сары-Булак жөнүндө болуп жаткандыктан көпчүлүк эл бийликтин айтканын колдободу.

Акырында жыйын «Эл үнү» тарабынан сунушталган чечимдин долбоорун бир добуштан колдоду.

Аксы районунун Кербен шаарында 2016-жылдын 22-мартында өткөрүлгөн Элдик Курултайдын

Ч Е Ч И М И:

1. 2016-жылдын 18-мартындагы Кербен - Ала-Бука автожолундагы Кыргыз Республикасынын Аксы районуна караштуу Сары-Булак участкасын Өзбекстандын аскер күчтөрүнүн бир тараптуу ээлеп алышы, Эл аралык укуктардын, Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы тцбөлүк достук жана бири-биринин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын таанууда, мурдагы СССРдин курамындагы Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин чек ара аймактарындагы келишимдерди Өзбекстан тарабынан одоно бузуу деп белгиленсин;

2. Өзбекстандын Кыргыз Республикасынын чек арасын бир тараптуу бузуусу кылымдардан бери базары, мазары, дини, тили бир, бирге кошуна жашап келген, дагы тцбөлцк кошуна жашай бере тур ган кыргыз улуту менен өзбек улутунун бир туугандыгына доо кетирүүчү жол берилгис кокустук катары баалансын;

3. Бул кокустукту эгемендиктин 25 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын мурдагы жана азыркы бийлигинин тышкы саясат жүргүзүүдө, өзгөчө коцшу өлкөлөр менен теңата, туруктуу, эгемендүү мамиле жүргүзө албагандыгынын кесепети деп таанылсын;

4. Аксы - Ала-Бука автожолундагы Сары-Булак участкасы кылымдардан бери совет доорунда да, эгемен доорунда да, азыр да кыргыз жери экендиги белгилнсин;

5. Өзбекстан Республикасынын Президенти И.Каримовдон бул инцидентти кыргыз, өзбек элинин түбөлүк коцшу, бир тууган эл экенин эске алып, тез аранын ичинде тынчтык жолу менен жөнгө салуу суралсын;

6. Россия Федерациясынын Президенти В.Путинден дүйнөлүк жана постсоветтик өлкөлөрдцн лидерлеринин бири, СНГ, ШОС, ОДКБ, ЕврАзЕС сыяктуу регионалдык саясий-экономикалык уюмдарынын жетекчилеринин бири катары, Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосунда пайда болгон чек ара конфликтин жөнгө салуу боюнча ортомчулук кылуу жагы суралсын;

7. Биз кыргыз эли ата-бабаларыбыз көздүн карегиндей сактап келген кыргыз жерин эч качан коңшу өлкөлөргө кандай гана жол менен болбосун тарттырып жиберүүгө жол бербей турганыбызды БУУга жана башка Эл аралык уюмдарга ачык билдиребиз жана алардан бул конфликттен чоң эл аралык жаңжал чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө көмөк көрсөтүүнүн өтүнөбүз.

Бул чечим чечим 2016-жылдын 22-мартында Аксы районунун Кербен шаарында Кыргызстандын бардык региондорунун өкүлдөрү катышкан элдик жыиында кабыл алынды.

Жыйында Ч.Абыкеев, К.Кадыров, К.Ташиев, М.Усенов, А.Айтикеев ж.б. жергиликтүү лидерлер сүйлөштү. Ошол чечимди шылтоолоп мени Өзбекстандын «агенти» деп бийлик жамандаганга үлгүрдү. Бул эми күлкүлүү окуя болду. Биз Өзбекстандын Президенти И.Каримов менен биздин Президент А.Атамбаевдин мамилеси өтө начар экендигин, а Каримов болсо Сары-Булакты басып алуу менен Атамбаевден Унгар-Тоонун чокусун эртелеп бошоттуруп алуу үчүн жасап жатканын билгенбиз. Ошондуктан: «Атамбаевди сыйлабасаң, кыргыз элин сыйла, жолду бошот» - деп Каримовго кайрылдык. Ошол Каримовго кайрылганым үчүн аларга «агент» болуп калдым. Кербен шаардык кеңеши тарабынан Т.Сариевдин Унгар-Тоону Өзбекстандыкы деп эсептеп, ал жердеги биздин станцияларды башка жакка көчүрүү үчүн чыгарган Протоколун, ага 100% каршы болгон Кербен шаардык кеңешиңин чечимдерин угуп, айрым документтерди алып «Сары-Булактын чырынын» тамыры башка жакта экенин билдик. Т.Сариевдин: «Бизде секретный документтер бар, аны силерге айталбайм» - деп элге актанган документи өзүнүн Протоколу экен. Ал документти бизге жергиликтүү кеңештин депутаты Жаки Надырбеков берди. (№ 18-тиркеме)

Ал документти окуп, Жалал-Абадга келип, 24-мартта Ошто элдик курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ жыйналып, түзүлгөн кырдаалды эске алып жана «Ата Журт» партиясынын лидери К.Ташиевдин «Оштогу курултайды өткөрбөй коё туралы, Ош шаардык кеңешине «Ата Журт» партиясынын лидерлери талапкер, аларга курултайдын залакасы тийип калышы мүмкүн» деген өтүнүчүн да эске алып, курултайды башка белгисиз күнгө котордук. 23-мартта Бишкекке келип атайын пресс-конференция өткөрүп, курултайды Аксыда, Ошто түзүлгөн кырдаалдарга ылайык башка күнгө которгонубузду жарыяладык. Эң башкысы Премьер-министрдин «жашыруун документин» элге жарыя кылдык. Пресс-конференция аркылуу мен, Т.Сариевге өз протоколун өзү жокко чыгарууну, ал эми Жогорку Кеңешке болсо, эгерде Т.Сариев өз документин жокко чыгарбаса Жогорку Кеңеш аркылуу жокко чыгаруу боюнча Аксы элинин, Аксыда өткөн элдик жыйындын, «Эл үнү» кыймылынын атынан өтүнүч келтирдим. Ал документтерди Аксы коомуна билдирип, Аксы коомунда да башында атактуу сүрөтчү А.Турсункулов турган Унгар-Тоону коргоо тобун түздүк. Аксы коомунун атынан атайын кайрылуу кабыл алып, аны Аксынын депутаты К.Жумалиевге тапшырдык. Ал кайрылууга Т.Тургуналиев баш болгон бир топ Аксынын мыктылары кол койду.

Бирок бийлик бийликтигин кылды. Депутат К.Жумалиевдин Унгар-Тоону Өзбекстандыкы деген Т.Сариевдин протоколун жокко чыгарууга күчү жетпеди. Аксылык «мыктычыкмалар» Т.Сариевге кирип чыгып, бийликти «туура түшүнгөнүн» билдиришти. Унгар-Тоо аферасын ачыкка чыгарган мени: «Өкмөттүн документин бурмалаган» - деп Башкы прокуратурага ал документтерди кошуп текшерүү үчүн жиберишти. Ошол эле учурда Кербен шаардык кеңешинин бир катар депутаттары Т.Сариевдин протоколу чын экенин, алар жергиликтүү кеңеште караганын айтып чыгышты. Т.Сариевге Президент А.Атамбаев жардамга келди. Адаттарынча күнөөнү кеткен бийликке, К.Бакиевге, А.Жекшенкуловго шылташты. Бирок аны жокко чыгарабыз деп моюндарына алышпады. Башкы прокуратурасы текшерүүнүн жыйынтыгын элге жарыялаган жок. Өз беттерин өздөрү ачкылары келген жок.

Мен Унгар-Тоо, Сары-Булак үчүн бийликтин кезектеги «жамандоосуна» кабылдым. Бирок кыргыз жеринин тынч, жең ичинен Өзбекстанга өтүп кетишине бөгөт койдум. Ага карабай эгер Унгар-Тоо чокусу Өзбекстанга өтүп кетсе, тарых алдында Президент А.Атамбаев, Премьер-министр Т.Сариев, аким М.Айдаралиев, Аксы коомунун айрым «мыктычыкмалары», депутат К.Жумалиев күнөөлүү болот. Анткени Т.Сариевдин токуган протоколу иш жүзүндө Унгар-Тоону «Өзбектердики» деген документти жокко чыгарууга Жогорку Кеңештин 100% укугу бар эле!

2016-жылдын 19-августунда Өзбекстандын аскер күчтөрү Аксыдагы Унгар-Тоону басып алды. Унгар-Тоодогу телерадио, байланыш станцияларында иштеп жүргөн Кыргызстандын төрт жаранын уурдап Өзбекстанга алып кетишти. Өзбекстандын чек арачылары Кербен айылынын айрым тургундарынын чек арага жакын жерде, Унгар-Тоонун этегинде жайылып жүргөн малынан бери айдап кетишкен.

25 жыл ичинде чек ара тилкелеринде, айрыкча Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен мындай окуялар көп эле болгон, Бирок мындай оройлук, өзүм билемдик, «колуңардан эмне келет?» дегендей тоготпогондук менен чек араны бузуп кирип, кыргыз жерлерин ээлеп алуу кыргыз жарандарын кармап кетүү болгон эмес.

2016-жылдын март айындагы Аксы - Ала-Бука жолундагы Сары-Булак участкасын басып алгандан бери 6 ай өттү. 2016-жылдын 23-мартында «Эл үнү саясий коомдук кыймылы бийликке Өкмөт башчы Т.Сариевдин «Унгар-Тоону Өзбекстандыкы, ал жердеги Кыргызстандын объектилерин башка жакка көчүрүү үчүн башка жер бөлүп бергиле» деген протоколун ачыкка чыгарып, Унгар-Тоону Өз-бекстандыкы эмес, кылымдардан бери кыргыздын жери болгондугун Сариевдин документтерине окшогон өкмөттүк документтерди чыгаруу керек деп Жогорку Кеңешке депутат К.Жумалиев аркылуу кайрылдык.

Өкмөттүк документтерди жокко чыгаруунун ордуна: «Бекназаров документтерин жасалмалап койгон» - дешип, Башкы прокуратурага беришкен. Ошол боюнча Унгар-Тоону унутуп коюшкан эле. Эми өзбектер Унгар-Тоонун өзүн ээлеп алышты.

Унгар-Тоо боюнча 2016-жылдын 26-августунда Кербенде митинг болду. Митингге менин чакырылганымды билген бийлик адатынча мага каршы күч топтоп, митингди өткөртпөөгө аракет кылды. УКМКнын биринчи орун басары Д.Чоткараев, ИИМдин биринчи орун басары К.Асанов жетектеген ЗООдөй күч органдарынын кызматкерлери Ош, Жалал-Абаддан алынып келинди. Кербен эмес, андан 45 чакырымдай алыстыктагы Кара-Суудагы үйүмөн бери «кайтарып» турушту. Аким М.Айдаралиев өзүнүн адамдарын, бюджетниктерди мага каршы топтогону угулду. Ал эми Унгар-Тоону коргоо комитетин жана башка активисттерди, мени чакырган Курулуш, Торук айылдарынын айрым тургундарын митингге чыгарткан жок.

Ага карбай митинг өттү. Мен элге чек ара маселесинде оппозиция, позиция дебей бир муштумдай бир болууну, Унгар-Тоону колдон чыгарбоо үчүн активдүү болууга чакырдым. Бирок элге, 2016-жылдын 23-мартынан бери 6 ай өттү. Сариевдин «Унгар-Тоону Өзбекстандыкы» деген протоколун жокко чыгарып, ал тууралуу Өзбекстанга нота жиберип, бир ротаны Унгар-Тоонун үстүндөгү стратегиялык объектилерди кайтартып койгонго бийликте реалдуу мүмкүнчүлүк бар эле, аны кылбады, анын ордуна «Унгар-Тоо мурда эле Бакиевдердин тушунда Өзбекстанга өткөрүлгөн» деген саясатты КТР, ЭлТР аркылуу жүргүзүп жатканы «Унгар-Тоонун үстүндөгү радиолинейный станцияларды, башка объектилерди которуу үчүн Кербен шаардык Кеңешинен жер бөлүп бергиле» дегени, Кербен шаардык Кеңеши жер бөлүп бергени туура эмес,- деп айттым.

2016-жылдын 31-августунда Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдык мааракеси Унгар-Тоону Өзбекстан бир тараптуу басып алып, Кыргызстандын кол тийбестиги бузулуп, Атамбаев башында турган бийлик эмне кыларын билбей, 25 жылдык мааракеге келген Р.Отунбаевага, башкаларга адатынча асылып сүйлөө менен өткөрүлдү. Атамбаевдин дайыны жок, «өйдүк-сөйдүк» сөздөрүнө чыдабаган экс-Президент Р.Отунбаева борбордук аянттын трибунасын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Көз карандысыздыктын, эгемендиктин 25 жылдыгы Атамбаевдин өз оозуна алы жетпеген «дөөдүрөктүгү», Унгар-Тоону Өзбекстандын басып алуусу, Кыргызстандын жарандары мал-кели менен өзбек чек арачылары тарабынан кармалып, айдалып кеткени менен белгиленди. Бул Атамбаевдин алты жылдык «хандыгынын» жыйынтыгы болду.

Алты жылдан бери тышкы саясатты жеке өзү аныктап, мамлекет башчы, башкы кол башчы, Коргоо кеңешинин төрагасы катары, чек ара кызматын жеке өзү башкарган кызмат адамы катары ал мамлекет 2016-жылдын 31-августунда Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүн уккан-дан кийин менин ага болгон үмүтүм биротоло өчтү. Мен кыскача видеокайрылуу менен элге чыктым. Унгар-Тоону бийлик чечпесе, биз элдик курултай өткөрүп элге чыгууга аргасыз болорубуз жөнүндө, Унгар-Тоону өзүбүз коргоорубуз жөнүндө элге, Президентке кайрылдым. Унгар-Тоонун басылып жатканына бүгүнкү башында Атамбаев турган бийлик күнөөлүү экенин дагы бир жолу белгиледим.

Бийлик болсо Унгар-Тоодон өзбектерди кууп чыгуунун, өзбектер тарабынан кармалып кеткен кыргыз жарандарын бошотуунун ордуна, Ысык-Көлдө көчмөндөр оюнун баштады. Кайсы көчмөн жерин басты-рып коюп ат чабыш, көк бөрү ойночу эле?! Бүгүнкү кыргыз бийлиги-де олтургандардын чыныгы көчмөн тукумдарынан экенине ушундан кийин кантип ишенесиң?!

Жогорку Кеңеш 12-сентябрга чейин «каникулга» кетти. «Унгар-Тоо үчүн Бекназаров күнөөлүү, дагы тополоң кылганы жатат», - деп КТР, ЭлТР, НТС аркылуу дагы шыбала баштадым. Чындыгында, «уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат» деген ушул эмеспи?!

6 айдан бери Унгар-Тоону Өзбекстандыкы деген Сариевдин протоколундай, документтерди жокко чыгарып, ал тууралуу Өзбекстанга нота жиберип, Унгар-Тоого бир рота коюп кайтартып койбогон бийлик, кайра Унгар-Тоо боюнча Бакиев, Жекшенкуловдор мурда эле кол коюп коюшкан дешип, Кумтөрдү Акаев, Бакиевдерге шылтагандай, күнөөнү Бакиевге шылтап, башка чара корбөгөнүнө караганда Унгар-Тоону Өзбекстанга биротоло берип койгондой сезилди. Бакиев, Жекшенкуловдор кол коюп берген күндө да, кыргыз-өзбек чек арасы Жогорку Кеңеш аркылуу ратификация болуп, биротоло чечиле электигин элге айтышкан жок. Аларды жооко чыгарып коюу азыркы бийликтин ыйгарым укугу. Эгерде Унгар-Тоо Өзбекстанга өтүп кетсе, ага күнөөлүү азыркы бийлик болот.

Ал эми Б.Талгарбековдун «Коомдук Парламент» деген уюм аркылуу эки жолу пресс-конференция берип бийликти катуу коркутканы бийликтин чындыкты сүйлөгөн, бийликтин кемчилигин бетке айткандарды камап салгандан башка аргасы жок экенин дагы бир жолу тастыктады. Д.Сарыгуловду, анын командасына, К.Кадыров менен Б.Асановду, Б.Талгарбековду жана анын командасына кылмыш иш козгоого негиз жок болчу. Алардын өйдө-ылдый «Ормон опузалары» боюнча Башкы прокуратура же башка тергөө органдары аларды ча-кырып сүйлөгөн сөздөрү, айрым чакырыктары боюнча аларга катуу эскертүүлөрдү берип чектелиши керек эле. Ага болбой дагы ошондой кадамдарын, чакырыктарын улантышса анан кылмыш ишин козгоп тийиштүү чара көрсө болмок.

Атамбаевдин бийлиги коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай менен көзгө көрүнөрлүк жаңы алака мамиле түзө алган жок. Тескерисинче, айрым кошуна өлкөлөрдүн Президенттеринин атына үйрөнгөн адатынча оппозицияга асылгандай жаман сөздөрдү айтып, мамилени татаалдантты. Жыйынтыгында, Өзбекстан бир тараптуу Кыргызстандын аймагына 2016-жылдын 18-мартында куралдуу кирип келип, Аксы - Ала-Бука жолунун Сары-Булак участкасын ээлеп алды. Аксы районунун Унгар-Тоосун «Өзбекстандын аймагы» деп өкмөттүк документтерди мыйзамсыз чыгарышып, андай катачылыкты моюнга алгандын ордуна Сариев экөө бет тырмарчылыкты көрсөтүштү. Ушул күнгө чейин эки тараптуу делимитация, деморкация иштери бүтпөй туруп, башы чечиле элек Унгар-Тоосундай участокторду «Өзбекстандыкы» деп Өкмөттүк документтерге жазып, аны өздөрүнүн КТРи, ЭлТРи аркылуу «мурдагы бийлик чечип койгон» дегендей кылып, элдин кулагына куюп көрсөтүп, иш-чараларды өткөрүү чыккынчылыкка тете иш болот. Мурдагы Өкмөт мүчөлөрү А.Жекшенкулов же кайсы бир губернатор кетирген катачылык болсо да, кыргыз-өзбек чек арасы Жогорку Кеңеш аркылуу биротоло бүтө элек, аны ондоп, түзөөгө дагы деле болсо мүмкүнчүлүк бар. Сары-Булакты кайтарбай, өзбек аскерлерине бастырып жиберген ошол кездеги Чек ара кызматынын башчысы жазалануунун ордуна, көп өтпөй Генштабдын башчылыгына көтөрүлдү! – деген Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости