www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Азимбек Анаркулович, жакында эле болуп өткөн ТЭКтин Курултайында белгисиз бирөөлөр гезит таштап кетишти. Бул боюнча оюңуз кандай?

-Биринчиден, жалпы кыргыз элимди Рамазан айы менен куттуктап кетем. Кыргызстанга тынчтык, элибизге жакшылык каалаймын. Эми Сиз берген суроого токтоло турган болсок, туура гезит таштап кетиптир. Гезитте жазылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мен бул боюнча атайын тиешелүү органдарга расмий кат жаздым.

-Эмне деп?

-Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Спорт ордосунда өткөрүлгөн Улуттук курултайда айрым адамдар аркылуу курултайды үзгүлтүккө учуратуу,  аракеттер болду. Биз ага жол берген жокпуз.  Бирок делегаттарга, чыккан дареги, ээси, баскан типографиясы жазылбаган улуттук-мекенчил күчтөр биримдигинин айрым лидерлерин коомчулукка жек көрсөтүү, элдик курултай идеясында бириккен уюмду бөлүп-жаруу максатындагы атайын даярдалган гезит-баракча таркатылды.  Гезит баракчада караланган А. Бекназаров, А. Келдибеков, А. Мадумаров, К. Ташиев, Р. Жээнбеков, К. Дүйшебаев, Т. Акун ж.б. мындай ушак жалаанын нечендерин ондогон жылдардан бери баштарынан өткөрүп келет, алардын ким экендигин элибиз жакшы билишет. Болгону азыр Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы саясатчылыр эмес, КР Президентин сындап койгон жөнөкөй журналистердин чөнтөк телефон, гезит-журнал башка интернет сайттарынан бери көзөмөлдөп турган Улуттук коопсуздук кызматы эмне үчүн мындай мыйзамсыз чыккан гезит- баракчаны чыгарып жиберди, көзөмөлдөгөн жок. Эмне дегенде гезит-баракчада КР Конституциясында бекитилген, кепилденген адамдын жеке аброю, жашоосу, менчигине ачыктан ачык шек келтирилип жатпайбы?

Ошондуктан биз, Кыргызстан Улуттук-мекенчил күчтөр биримдигинин туруктуу элдик кеңеши сизден урматтуу Абдил Кеңешович, жогоруда аталган баракчаны ким, кайсыл типографиядан, канча санда, эмне максатта чыгарганын аныктап берүү  үчүн расмий кайрылдык.

 -Ушул таптагы көйгөйлүү эң чоң маселеге токтоло кетсеңиз...

-2017-жылдын үлгүсүндөгү жаңы киргизилип жаткан паспорттон алынып жаткан «улуту» деген графанын алынып салынышы бул бийликтин эң чоң катачылыгы. Бул бийлик паспортко кайрадан улулут-кыргыз деген жерди киргизбесе, тарыхта мокочо бийлик катары калат.

-Гезитте жазылган маалыматтар чындыкка дал келеби? Чын эле Баямандан, Түлеевден акча алгансызбы?

-Ыйык Орозо айында кудайдын алдында айтайын. Эгерде ушул гезитте жазылгандар чын болсо мен Баямандан, Нариман Түлеевден акча алган болсом, мени Кудай урсун. Эгер андай эмес болсо ушул гезитти даярдаган, чыгарган адамдарды Орозо күнүндө баса белгилеп айтам Кудай урсун! Баямындын акча алсам, аялынан, Түлеевден акча алсам Түлеевден барып сурап коюшпайбы? Эми каза болуп калган адамды сатып, ошонун арбагында жөн койбой ушундай жазып, элге каралап жатканы өтө – пастык. Бул Кудайга да жакпайт. Бул биздин саясаттагы адамдардын деңгээлин көрсөттү.     

-Рахмат.

(уландысы бар)

Гүлжан Шерипбаева,NazarNews.kg

Последние новости