www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүнө жаратылыш каарын салды. Дегенибиз учурда, бүткүл дүйнө жүзүндөгү аймактарда жаратылыш кырсыгы тынымсыз катталып, шамалдын ылдамдыгы күчөп, адамдардын үрөйүн учура турган окуялар катталууда.

Алсак, катуу жааган жамгырдын улам Шри-Ланканы суу каптады. Анын кесепетинен каза болгон адамдардын саны 177ге жетип, бир нече жарандар дайынсыз болду. Ушул таптарда  жергиликтүү тургундарды коопсуз аймаккка көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Метеорологдордун болжолунда жакынкы күндөрдө жаан токтобойт.

Эске сала кетсек, Шри-Ланка Инд океанынын Түштүк тарабына жакын жайгашкан. Бул арал жаратылышынын кооздугу, ажайып корүнүшү менен миңдеген туристерди өзүнө тарта алган. Тилекке каршы акыркы жылдары жамгыр тынымсыз жаап, Шри-Ланканын жергиликтүү тургундары коопсуз аймактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости