www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 7-апрель революция күнүнө карата, президент Сооронбай Жээнбековго жана жалпы кыргыз элине Кайрылуу жасады.
"Окулбай калган доклад...
Кутмандуу кыргыз калкым! Уматтуу президент!
Туптуура 10 жыл мурда, так ушул 7-апрель күнү бүткүл дүйнө эли “бали кыргыз”, “жаша кыргыз”-деп кыргызга суктанган, тамшанган кү н болгон.
Ошол ары сыймыктанчу, ары кайгылуу тарыхый күндүн бир гана ээси-озунсун кутмандуу кыргыз элим. Сиздерди ушул бүгүнкү тарыхый күнүбүз менен, ошондо араңарда жүргөн бириңер катары чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Үй-бүлөөлүк башкарууга каршы болгон күрөштө шейит болгондордун жакындарына орду толгус кайгылары үчүн көңүл айтам.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, быйылкы 7-апрель мурдагы жылдардагыдан башкача, өзгөчө белгилеиши керек. Анткени ошол ары кайгылуу, ары тарыхый күнгө бүгүн 10 жыл толуп олтурат. Убактылуу Өкмөт тарабынан белгиленген 10 жылдык өткөөл мезгил да аяктоодо.
Бугун биз мурдагыдай 7-апрель элдик ыңкылаптын келип чыгышынын анын себептерин, баатырларын күнөөлүүлөрүн кайталап айтуунун кереги жок деп эсептейм. Баары такталган, айтылган, жазылган, калганы тарыхчылардын иши.
Биз бүгүн ээлеген кызмат ордубузга, социалдык абалыбызга карабай, айрыкча урматтуу президент, сиз Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, башка мамлекеттик чиновниктер, саясатчылар, журналистер, апрель баатырлары, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү-баарыбыз бири-бирибиздин көзүбүзгө тике карап, ачуу чындыктан тайбай, көтөрүмдүү, чыдамдуу болушубуз керек. “10 жылдык өткөөл мезгилде элдик ынкылап өз максатына жеттиби? Негизги талаптар ишке аштыбы?”-деген суроолорго ачык жооп беришибиз керек! Элге отчет берчү күн келди!
Элибизге миң мертебе таазим. Алар ушул суроолорго жоопту 10 жылдан бери кутуп, 10 жыл бийликке толук мүмкүнчүлүк берди. Чыдады, дагы деле үмүтү үзүлө элек...
1. Менин жеке пикиримде элдик ынкылап өз максатына толук жете элек. Муну мен 10 жыл бою айтып келдим. Бирок, 10 жылдык өткөөл мезгилде эң башкысы;
-Элдин жеңиши, өлкө ичинде эле эмес, эл аралык денгээлде да саясый жана укуктук жактан де-юре, д е-факто биротоло таанылды, бекиди;
-Бүгүн кыргыз эли, Борбордук Азияда эле эмес, бүтүндөй постсоветтик аймактагы саясий жактан ээн эркин элдин бирине айланды;
-Мамлекеттик бийликти башкарышкан президент менен Жогорку Кеңеш өткөөл мезгил ичинде Конституция менен мыйзамдарда бекитилген тартипте мөөнөттөрдө эки жолудан алмашылды. Бийликтин тынчтык жолу менен мезгил-мезгили менен алмашып, жаңыланып туруусу айнылгыс жолго тушту...
Жана башка бийликтин милдетине кирген кунумдук, утурумдук иштер аткарылууда.
2. Өткөөл мезгилде:
-Кыргыз улутун заманбап кайра жаратуучу, жаңылоочу улуттук идеология алга өнүгүүнүн улуттук жолу аныкталбады. Тескерисинче, нечендеген кылымдар бою улуттун конституциясы катары калыптанган кыргызды бир бүтүн улут катары бириктирип, сактап келген, анын каада- салтын, урп-адатын, маданиятын, тарыхын, тилин, динин (салттуу мусулманчылык) жок кылуу. Кыргыздын өзүн бөлүп жаруучу, басмырлап, кемсинтүүчү, шылдыңдоочу жосун-жоруктар, аракеттер, эң жогорку деңгээлдеги кызмат адамдары, айрым “киргиз” батышчылар, ашкере исламчылар, секталар, алардын ММКлары, интернет-сайттары аркылуу ачыктан-ачык чыгуу көбөйдү;
-Кыргызды арабдаштыруу, либералдаштыруу же улут катары жок кылуу максатында, сырт жактан атайын долбоор түрүндө келген акчаларга, иш-чараларды өткөрүү, укуктук реформа жүргүзүү көбөйдү;
-Саясат менен бизнес аралашып, мамлекеттик бийликти комерсант саясатчылардын колуна биротоло өткөрүү;,
-Өзүңдүн кыргыз экениңди ачык көрсөтүүнү өз паспортуңдан өчүрүү;
-Сатыла элек стратегиялык объектилерди чет элдиктерге ит бекер сатуу;
-Батукаевдин мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылышы ж.б.у.с. улуттун намысын кетирген жоруктар так ушул өткөөл мезгилде болуп, ага эң жогорку мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бирдиктүү аракеттенишкени тынчсыздандырбай койбойт;
4.Эмне кылышыбыз керек?!
1. Мага окшоп өз оюн ачык айтып, сунуш бергендерди үйрөнгөн адатыбызча “эл душманы” катары эсептебей, ачык айтылган сын-пикирлерди топтоп, терең анализдеп, 10 жыл ичинде аткарылбаган маселерди (чынында булар 30 жылдык маселелер) аткарууну же аткарбоону бүгүн биз так ушул 7-апрель куну элге ачык айтышыбыз керек! Айрыкча үй-бүлөөлүк башкаруу, шайлоо системасы, кен-байлыктарды кайтаруу, башкаруунун түрү, бийликтин эл алдындагы отчеттуулугу боюнча ж.б.
2. Ал үчүн бүгүн же тез арада башында урматтуу президентибиз турган атайын комиссия түзүүнү бүгүнкү жыйынга жана кыргыз элине сунуш кылам;
3. Ал комиссия тез аранын ичинде бүгүн айтылган, мурда айтылып келген бардык ой-пикирлерди, сунуштарды топтоп, анализдеп, элдик ынкылаптын кайсы талабы качан аткарылат? Кайсы талаптары эмне себептен аткарылбайт? Элге ачык жарыялашы керек. Элдин чыдамынан пайдаланып упчу эмизгенди, шылтоо таап актанууну токтотуп, активдүү иш чарага өтүү зарыл!
4. 7-апрель элдик ыңкылаптын негизги талаптарын аткаруу боюнча сунуштарым:
1. Үй-бүлөөлүк башкарууну сындырып, укуктук башкарууга өтүү жолу катары;
-Башкаруунун түрүн эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болгон элдин өзүнө референдумга чыгарып тандатуу;
-Эл тандаган бийликке ылайыкталган жаңы Конституцияны иштеп чыгуу, мамлекеттик бийликтин санын, анын ичинде депутаттардын
3. Бийликтин эл алдындагы отчеттулугу боюнча:
-КР нын Конституциясынын 2-беренесинин 1-пунктунда : “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана КР дагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы”-деп жазылганы менен 10 жылдык өткөөл мезгилде эч бир бийлик эл алдында отчет берген жок жана эч кандай жоопкерчиликсиз иштеди. Кесепетинде карапайым эл жабыр тартууда.
Биз улутчул-мекенчил күчтөр 2016-жылдан бери : “Президенттен тартып, айыл өкмөт башчысына чейин ар жылдык аткарган иши боюнча өзүн шайлаган элге элдик курултайларда отчет берип, элдик баа алып туруусун сунуштап жүрөбүз. Бул болгону толук демократия. Эгерде “Элдик курултай” деген сөз жакпаса, “Элдик форум” дегиле, эй киргиздер! Бирок элдик курултайда ар жыл сайын элге отчет берип калат экенбиз деп, конституцияда каралган мыйзамды 10 жыл кабыл албай коюу да кылмыш урматтуу депутаттар. Бул маселени ошол каралбай жүргөн “Элдик курултайлар” жөнүндөгү мыйзам менен чечсе болот;
4. Кыргыз Республикасын улуттук нуктагы демократиялык,укуктук мамлекет катары түптөө боюнча;
-Кыргыз улутунун тарыхына, маданиятына, каада-салтына, тилине, динине каршыларга, кыргызды кандай түрдө болбосун шылдыңдап, кемсинтип сүйлөгөндөрдү, бөлүп жаргандарды өзгөчө ири өлчөмдө айып салуу менен Кыргызстандын жарандыгынан чыгарып, сыртка чыгарып жиберүүгө чейин жазалоону сунуштайм;
-Сырттан келген акчаларга саясий-экономикалык, укуктук реформаларды, маданий иш-чараларды өткөрүп жүрүп ит аягыбызды таппай калдык. Муну токтотуу керек, бышып жетилди деп ойлойм;
Бул маселени кантип чечебиз же дагы өткөөл мезгил керекпи? Урматтуу мекендештер. Урматтуу президент!
Мен эки жолду карап корүүнү сунуштайм:
Биринчи жол:
Бул мыйзамдуу, туура, тез, тынчтык менен ишке ашчу кыска жол.
Урматтуу Соооронбай Шарипович, бул жол сиздин жеке колуңуздагы жол. Сиздин саясий эркиңизге, аракетиңизге жараша ишке ашырылат.
Биздикиндей де-факто жеке башкаруусу бар өлкөлөрдө ар кандай реформалар “улуу урматтуунун” буйругу менен, анын жетекчилигинде ишке ашырылат.
Ал эми сизде болсо, мамлекет башчысы катары экинчи жол ачылат. Бул да мыйзамдуу, бирок узак жол. Азыркы парламент менен өкмөт мамлекет башчынын өтүнүчүн аткарбаса, анда алардын бирине да “президенттин партиясы” деген статус бербей, күзүндөгү ЖКга боло турган шайлоого жогорку ыңкылаптын максат талаптарын туу туткан жаңы партия менен элге баруу керек.
Урматтуу президент!
Бизсиз, сизсиз, азыркы Жогорку Кеңешсиз, өкмөтсүз деле, эртеби, кечпи кыргыз эли өз бийлигине, өз байлыгына толук ээ болот. Депутаттарды тике, түз тандап шайлайт. Кен-байлыктарды чет-элдик шумпайлардан кайтарып алат. Маселе убакытта эле. Качан? Ошондо Акаев-Бирштейиндин ишин аткарышкан. Мурдагы бардык өкмөт башчылар, министрлер, депутаттар, ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин, ошол коррупциялык келишимдерди буздурбай коргоп жүрүшкөн президенттер, өкмөт башчы, депутаттар баары эл алдында бирдей жооп берер күн да келет. Аларга эскирүү мөөнөтү жок!
Урматтуу Сооронбай Шарипович сиздин алдыңызда кыргыз башы болуп тарыхта кала турган толук мумкунчулук турат. Пайдаланыңыз! Үй-бүлөөлүк парламент, өкмөт, партия мурдагы президенттердин бирин да сактап калган эмес!
.Чыныгы улут лидери бир партияга эмес, жалпы элге таянып иштейт.
Урматту мекендештер! Мен бул сөздөрдү 7-апрель элдик революциянын 10 жылдык күнүндөгү жыйында айтам деп үмүттөнүп журдум эле. Короновирус деген тумоо мени Кыргызстанга, сиздерге жеткирбеди. Өзум жетпесем да унум жетсин деп, ушул кайрылуу менен чыгып олтурам. Ар дайым жамандыктын артынан жакшылык келет. Короновирус менен жашоо, турмуш бүтпөйт. Муну жалпы элге келген сыноо катары кабыл алалы.
Миңдеген жылдар кыргызды буга окшогон тумоолор, зил-залала кырсыктар, тарыхый душманы кытай менен калмактар жеңе алган эмес. Акыркы 170 жылдай мезгилде кыргыз “киргиздешти”, бирок орусташкан жок! 1916-жылкы тукумкурутта аман калды.Азыр кыргыз эгемендүүлүгүн алган, өз мамлекети бар кутман элге айландык. Бул биздин эң башкы байлык!
Кыргызды жалпы элге тийчү ар кандай зил-зала, тумоолордон, сырткы, ички душмандардан төрт нерсе сактап коргоп келген:
Биринчиси: Кыргыздын колдоочусу бар, ал жараткан жалгыз. Бир кудай өзу ар дайым кыргызга жар болуп, ар кандай балее тумоолордон, душмандардан сактап келген. Кудай дейли! Экинчиси: Жалпы элге келген ар кандай апааттарда, жамандык-жакшылыкта, душмандарга кыргыздар бир муштумдай бириге калып, каршы туруп жеңе билген. Ушул ынтымак салтыбыздан жанбайлы!
Үчүнчүсү: Түгөнөт десе кайра түтөп, кырылат десе кайра күчөп, ар кандай апааттарда, согуштарда кыргыз духун жоготкон эмес. Духуңду түүрбө кыргызым!
Төртүнчүсү: Кыргыздар иммунитет, духун тоолордон, тоо койнундагы мөлтүр кашка суулардан алып турган. Тоолор кыргыздын жаны, уйу, коргоочусу болгон. Ошон учун кыргыз тоо бүркүтүндөй эркиндикти сүйгөн эл. Жалпы адамзатына түшкөн азыркы короновирус балеге да кыргызым тоодой болуп бийик тур!
Эгерде биз азыр интернет-сайттарда чыгып жаткан тири шумдук миш-миштерге, ар нерсеге наалыган, бирөөгө таарынгандай айтылып жаткан нерселерге, пессимисттик ыр күүлөргө көңүл чөктүрбөй, паникага түшпөй, акыл, сабырдуулук менен ойлонуп иш кылсак, өзүбүздүн бийликтин, медиктерибиздин аныктаган, бекиткен санитардык эрежелерди бекем сактап аткарсак, бейчееки нары-бери басканды, сүйлөгөндү азайтып, жалпы аракеттенсек, короновирусу да, анын артынан саясий коррупциясы да биздин Ала-Тообуздан өзү эле качып кетет!
Эй кыргыз! Көтөр башты, дүхуңду түшүрбө!
Сени 16-апрелден кийин төрт түлүк, малың менен жайлооң, кетмен шайманың менен эгин талааң, алма багың, эт, сүт, айран, кымызың, жер жемиш, жашылчаларың менен базарың күтүп турат!",-дейт Азимдек Бекназаров
Булак: NazarNews.kg