www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу эл-журт, биринчиден аты жаман дарттан аман-эсен кутулуп, карантин дегени 15-апрелден баштап токтоп, кадимки бакубат жашообуздун уланышын баарыбыз эле каалап турабыз, Кудай ошол тилегибизди берсин. Экинчиден, Сиздер менен ой бөлүшмөкчү болуп жаткан бүгүнкү тема ЖКнын депутаты К.Зулушев КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо менен бирге Мамлекеттик башкаруунун кайсы түрүн эл тандай тургандыгын билүү максатында Референдумду кошо өткөрүүнү сунуштап жаткан демилгеси жөнүндө өз оюмду билдирүүнү туура көрдүм. Бир сөз менен айтканда түпкүлүгүндө бул демилгени колдойм.
Болгону тактап алар меселелер болуп жатат. Биз өнүгүүнүн улуттук жолуна түшүүнү зарыл деп эсептеген мекенчил күчтөр бир канча жылдардан бери Курултайларды өткөрүп, мыйзам-концепциялардын долбоорлорун иштеп чыгып, сунуштап келе жатабыз. Өткөн жылы жайында Конституциянын талаптарына ылайык КРнын Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, А.Бусурманкулов башында турган демилгечи топ 12 миң 700 кол топтоп ЖКга тапшырган элек.
Ал Элдик демилге менен даярдалган мыйзамдын долбоорунда төмөнкү үч маселени элдин таразасына алып чыгуу сунушталган:
1) -Сиз башкаруунун кайсы түрүн колдойсуз? – (Президенттикпи, Парламенттикпи же аралаш башкаруунубу)
2) -Жогорку Кеңештин депутаттарын түз, тике шайлоону каалайсызбы (бир мандаттуу шайлоо округдарынан) же партиялык тизмеге добуш бересизби (100% партиялык система)
3) КРнын бийлик бутактары жылдын жыйынтыгы боюнча Элдик Курултай аркылуу элге отчет берүүсүн колдойсузбу?
Элдин тандоосунан кийин, ошого жараша Конституциялык реформаны ишке ашыруу экинчи кадам болмок.Элдин тандоосунан кийин жүргүзүлгѳн реформа Президенттин же башка саясий тар чѳйрѳнүн мамлекеттик бийликти ѳздѳрүнѳ ылайыктап түзүшүнѳ, бийликти узурпация кылышына жол бербөө үчүн да керек деп ойлойбуз. Азыркы 100% партиялык тизме менен шайлоо системасы колдонуудагы Конституциянын 2-б. бекитилген шайлоо принциптерине эле каршы келбестен, адам укугун да бузууда. Депутат же министр болуш үчүн сөзсүз каалайсыңбы, каалабайсыңбы кайсы бир партиянын мүчөсү болушуң шарт. Анан албетте, башыңда акыл-эсиң, билимиң болбосо да акчаң болсо эле жетиштүү. Учурда партия түзүү, мүчө болуу эч кандай түйшүгү жок иш болгондуктан ОПГлардан бери толуп алышты. Азыркы шартта шайлоочу ѳзү каалаган депутатын түз, тике тандап алалбайт. Ал болгону партиялык тизмеге добуш берет!
Анан калса Кыргызстандын шартында акыркы жылдары жазылбаган мыйзам-эрежелер иштей баштады. Алдын ала бийлик менен болочок саясий пирамиданы талкуулап, түйүндөрүн алдын ала чечип алып, анан шайлоонунун жүрүшүндө тек гана шоу-имитация көрсөтүү көнүмүшкө айланып баратат. Элдин менталитетин да бузуп бүттүк. Шайлоо- идея-программалардын кармашы болбой эле, “ким канча берет”-деген соодалашуунун айдыңына айланды. Жыйынтыгында Парламент да, Өкмөт да кээ бир адискөй адамдарды эске албаганда заман талабына жооп бербеген адамдардын курамынан туруп калды. Жыйынтыгында Мамлекеттик башкаруу иши барган сайын бизнеске айланып, саясий коррупция күчөп, туташ кризистин тереңдешин шарттады. Жалпы иштин жакшы жүрбөй жаткандыгынын негизги себеби ушул жерде. Саясат-бизнес-криминал аралашып, көмүскө экономика гүлдөп, мамлекеттик иш аксап жатат. Ошондуктан К.Зулушев көтөргөн маселени биз негизинен колдойбуз, болгону аны кененирээк масштабда алып чыгууну туура деп эсептейбиз. Демилгеленип жаткан мыйзамга 2-3-маселе кылып Шайлоо мыйзамын оңдоону жана Элдик Курултай институтун Конституциялык орган катары статусун аныктоону сунуштайбыз. Чынын айтсам "референдум"- деген сөз мага анча жага бербейт, дүйнөлүк тажрыйба деп биз кыргыздар бул ыкманы ашыгы менен колдонуп келе жатабыз.Пайдасы кайсы бир максатты көздөп уюштургандар үчүн эле болбосо элге ныпым пайда болгон жок, кайра бюджеттен акча сарпталып зыянга турду. Келечекте Элдик Курултай институту орносо, кыргыз лексиконунан референдум, партия-деген сөздр алынып ташталат эле. Ал муктаждыкты да Курултай эң сонун аткармак.
Баса, ЖК кандай гана маселелерди кезексиз карап жатасыздар, (м: партияларды бюджеттен каржылоо сыяктуу) ошол эле мезгилде эмне үчүн ушул жылдын 7-февралында коомдук талкууга коюлган “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамды кабыл алууга негедир шашпайсыздар. Аны менен сиздер Конституциянын 52-беренесин аткарбай жатканыңыздар үчүн Конституциялык палатага азыркы чакырылыштын депутаттарын толугу менен берүүгө инцидент түзүп жатасыздар.
Урматтуу КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А.Жумабеков мырза! Мындан үч ай илгери мекенчил күчтөрдүн беш өкүлүн кабыл алганыңызда (эсиңизден чыга элек болуш керек, арасында мен да бар элем) “Конституцияда турган маселелерди кеп жок чечебиз, Курултайдын мыйзамын кабыл алабыз, Конституцияга байланышкан маселелер да элдин каалоосуна, заман талабына жараша каралат”-деген пикириңизди билдирбедиңиз беле? Анда коронавирус жөнүндө кеп жок болчу, жай турмуш эле. Келип келип “боорондуу” күнгө такадыңар, бул иш мурда эле колго алынышы керек болчу. Биздин силерге кайрылып келе жатканыбызга айлар эмес жылдар өтүүдө. Концептуалдуу маселелерди чечүү боюнча жылыш жок. Ал эми силердин ыйгарым-уктарыңардын бүтүшүнө саналуу айлар калды... Тарыхта жаман атты болбой, жок дегенде кетээрде элге пайдалуу иштерди жасап кеткенге билим-духуңар жетер бекен, ай ким билет?
КРнын Жогорку Кеңеши – бул Мамлекеттин эң негизги Мыйзам чыгаруучу жана өкүлчүлүктүү бийлиги болуп эсептелет. Мыйзамга байланыштуу маселелерди кылчактабай чечүү укугуңар жетиштүү, анда кимден, кандай команда күтүп жатасыздар?!
Кадыр Кошалиев, “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы
Булак: NazarNews.kg