www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азиз Алымкуловго карата сот өкүмү чыкты

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов күнөөлүү деп табылып, ага мамлекеттин бюджетине 260 миң сом төлөө милдеттендирилди. Мындай маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыктады.

"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 26-майындагы өкүмү менен Алымкулов А.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, VI категориядагы айып пул, 2600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, мамлекеттин кирешесине 260 миң сом төлөө милдеттендирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Азиз Алымкулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делинип, 31-мартта кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости