www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин карамак. Ага карата Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушкан.

"Соттордун биринин ден соолугуна байланыштуу соттук отурум 16-ноябрга жылдырылды", - деп билдирди жактоочу Сергей Слесарёв.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча жалпы 19 адамга айып тагылган. 2019-жылдын август айына карата алардын 14ү үй камагына алынып, 4 адам камакта кармалып, бирөө издөөгө жарыяланган.

Айыпталып жаткандардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов болгон.

Алардын иши Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси боюнча каралып, 2020-жылдын 23-июнунда сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратканы тууралуу чечим чыккан. Ал эми Индира Жолдубаева бул иште күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилсе, Абдухалим Раимжанов менен Калыбек Качкыналиев бул иште күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза чегерилбей, сот залынан бошотулган. 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости