www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сурактан чыкты. Бирок ал журналисттерге кайсы иш боюнча күбө катары чакырылганын тактаган жок.

"Мен маалыматтарды айтпоо тууралуу тил катка кол коюп бердим. Андыктан кайсы иш боюнча суракка чакыртылганымды айта албайм. Учурда убактымды үй-бүлөм менен өткөрүп жатам. Андыктан өлкөдөн эч жакка кетпейм", - деди ал.

Ошондой эле кийинки сурак кайсы күнү болоору боюнча маалыматы жок экенин, аны Финпол алдын ала кабарлай турганын билдирген.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев суракта 4 сааттан ашык болгон.

Мухаммедкалый Абылгазиев Финполго бүгүн, 21-октябрда суракка чакыртылганы маалымдалган. 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости