www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ж. Кудайбергенов (атасы тараптан тууган) менен биргеликте коррупциялык схеманы колдонуп мыйзамсыз иштерди жасаганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Суракматов тууганы менен биргеликте борбор калаанын түштүк бөлүгүнүн эң кымбат аймагынан 15 гектар жерди жеке менчигине өткөрүп алган.

«Мындан тышкары, Бишкектин ар кайсы бөлүгүнөн жер участокторун узак мөөнөткө ижарага алып, туугандарына, аффилирленген тараптарга каттаткан. Жердин көп бөлүгү курулуш компанияларга кымбат сатылган. Калганына кафе, ресто-бар, көп батирлүү турак жайлар курулган. Натыйжада Суракматов менен Кудайбергеновдун туугандары байлыгын бир нече эсеге көбөйтүп, миллиондорду чапчыган объектилерге ээ болушкан», — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын Суракматов менен Кудайбергенов боюнча топтогон материалдары Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюу» беренелери менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости