www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенин иштетүүдө экологиялык мыйзамды бузуу менен таштандыларды мөңгүлөргө сактаган, бул мөңгүлөрдүн жоголуусуна алып келген. Бул тууралуу “Кумтөр” кенине пресс-турдун жүрүшүндө Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, ал көз карандысыз эксперт учурунда компанияга калдыктарды мөңгүлөргө таштоого алардын уруксаты барбы деген суроо менен кайрылып, терс жооп алган.

“Алар экологиялык мыйзамдын жана суу кодекстин бир катар беренелерин бузуу менен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн тилдерине таштандыларын төгүшкөн. Бул 180 млн кубметр мөңгүнүн ээрип, жок болушуна алып келген, мөңгүнүн тили дээрлик жоголгон десек болот”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости