www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июлда, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Борбор калаадагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Мэр Азиз Суракматов Бишкек шаарынын аймагында коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Бишкек шаарынын мэринин маалыматы боюнча, тез жардам унааларынын жетишсиздиги курч көйгөй бойдон калууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалга иштиктүү анализдин жоктугуна көңүл буруу менен, борбордогу бардык медициналык мекемелердин абалын, анын ичинде адистердин резервин иликтөө зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы бардык кайрылгандар өз маалында медициналык жардам менен камсыздалышы керектигин өзгөчө белгиледи.

«Бул маселеде айрым адамдарга артыкчылык берилбей, медициналык кызмат баарына бирдей жеткиликтүү болушу керек», — деп баса белгиледи Президент жана колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдаланууга, күндүзгү стационарлардагы узун кезектерди азайтуу үчүн кошумча ресурстарды тартууга жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттырууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости