www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаадагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Мэр Азиз Суракматов Бишкек шаарынын аймагында коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.
Бүгүнкү күндө Бишкек боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы 3434 адамдан лабораториялык жол менен тастыкталганын, республика боюнча ооругандардын жалпы санынын 42%ын түзөрүн билдирди.
Азиз Суракматов борбор калаада коронавирус инфекциясы менен ооругандар үчүн ар кайсы мекемелердин базасында кошумча койко-орундар уюштурулгандыгын белгиледи.
Мындан сырткары, борбор шаардын бардык райондорунда 4 күндүзгү стационар ачылды, 3 миңден ашуун жаран медициналык жардам жана консультация алышты. Саатына 220 адамга чейин тейлей ала турган дагы мындай 250 орундуу 5 стационар ачуунун үстүндө иштер жүрүп жатат.
Ошону менен бирге ооругандар көп болгон жерлерге дагы 5 кошумча күндүзгү стационар ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Бишкек шаарынын мэринин маалыматы боюнча, тез жардам унааларынын жетишсиздиги курч көйгөй бойдон калууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалга иштиктүү анализдин жоктугуна көңүл буруу менен, борбордогу бардык медициналык мекемелердин абалын, анын ичинде адистердин резервин иликтөө зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы бардык кайрылгандар өз маалында медициналык жардам менен камсыздалышы керектигин өзгөчө белгиледи. «Бул маселеде айрым адамдарга артыкчылык берилбей, медициналык кызмат баарына бирдей жеткиликтүү болушу керек», — деп баса белгиледи Президент жана колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдаланууга, күндүзгү стационарлардагы узун кезектерди азайтуу үчүн кошумча ресурстарды тартууга жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттырууга чакырды.
Мамлекет башчысы ооруканаларды күзгү-кышкы эпидемиологиялык кырдаалга даярдоонун, врачтарды кошумча транспорттор менен камсыз кылууда жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи.
Мэриянын тез жардам унааларынын жетишсиздиги боюнча суроо-талабына карата Президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабга маселе буга чейин өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн линиясы аркылуу карап чыгуу сунушталгандыгын эске салды. Аталган маселе боюнча конкреттүү сунуштардын киргизилүүсү күтүлүүдө.
Мамлекет башчысы ошондой эле ишмердүүлүгүнө чектөө киргизилген тармактар боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Мэрдин көңүлүн коомдук транспорттогу санитардык ченемдердин сакталбай жатканына бурду.
Президент Сооронбай Жээнбеков өндүрүш ишканаларын колдоо, жарандык коом жана ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрүнүн кайрылуулары боюнча тыгыз байланыштын өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg