www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну пайда болсо көрүлө турган чараларга даярданууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчы экономиканын көпчүлүк тармактарынын ишин токтотууга алып келчү катуу чектөөнү кайрадан киргизүү ишканаларга жана элдин жашоосуна терс таасирин тийгизерин айтты.

Ал инфекциянын жайылышынын алдын алуунун жана токтотуунун бир гана жолу бар экенин, ар бир адам ички тартипти жана санитардык нормаларды бекем сакташы керек экенин билдирди:

"Баарын эле токтотуп, тыюу салып коюу жолу менен маселени чече албайбыз. Коронавирус оорусунун биринчи толкунунан чыгып бүтө элекпиз. Дүйнө жүзүндө алдыңкы илимпоздор "экинчи толкуну бар" деп жатышат. Эгер күзүндө экинчи толкуну келе турган болсо, биз ага даяр болушубуз керек. Андай болбой эле койсун, бирок азыртан пландарды түзүп жатабыз", - дейт өкмөт башчы.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

26-июнда өкмөт өзгөчө абал режимин кайрадан киргизүү өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал өтө начарлап кетсе жасала турган акыркы кадам болорун айткан.

Жалпысынан 18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8141 адамдан табылды, алардын ичинен 99 бейтап кайтыш болуп, 2916 бейтап айыгып кетти.

Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 224 кишиге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости