www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл оозунда “эльдик мэрь” аталып бараткан Азиз Суракматовдун курулуш бизнестери тууралуу көп айтылды. Азиз Эмильбекович ал фирмаларды “меники эмес, атамдыкы” деп башын чайкады. Учуру келгенде так ушул жагдайлардын кесепети тийип, А.Суракматовду абакка карай сүйрөөрүн, бул “мэрь” да И.Өмүркулов, К.Кулматов, А.Ибраимов сыяктуу КСДПчы мэрлердин тагдырын кайталаарын төлгө кылгандар арбын. Бирок, азыркы кеп бул тууралуу эмес, талапкердин иниси Азат Суракматов тууралуу болмокчу.

Ачык булактардагы маалыматтарда Азат Суракматов прокуратура тармагында эмгектенген. 2011-жылы Свердлов райондук прокурорунун орун басары болуп турганда 1500 доллар пара менен кармалган. Параны айыпталуучунун кылмыш аракеттерин Кылмыш кодексинин “жумшагыраак” беренесине которуп, жазасын жеңилдетип берүү кызматына сураган. Тагыраагы, Кылмыш кодексинин 247-беренесин (“Баңги затын сатуу” – 8 жылга чейин камоо) 246-беренеге (“Баңги затын колдонуу” – шарттуу мөөнөт) оодаруу керек болгон. Арыздануучунун айтымында, прокурор анын үйүнө “бандит түспөлүндөгү адамдар менен” келип коркуткан учурулары да болгон. Азат Суракматовдун кылмыш жоопкерчилигине тартылган-тартылбаганы белгисиз. Бирок, анын кийин үй-бүлөлүк бизнесте иштеп жүргөнүнө караганда жоопкерчиликке тартылбаганын болжоого болот.

Суракматовдордун үй-бүлөлүк бизнесинен “Slon” кыймылсыз мүлк агенттигин 2013-жылдан 2017-жылга чейин Азат Суракматов жетектеп турган. 2017-жылы кайра каттаганда фирмадан чыгып, ордуна Омурзаков Анварды дайындашкан. “Slon” мурда керимкуловдордун кланына таандык болгон, экс-депутат Айдарбек Керимкуловдун кызы Айжан Керимкуловага катталган болчу. Айдарбек Керимкулов болсо Бишкектин экс-мэри Медетбек Керимкулов менен экс-генпрокурор Мыктыбек Абдылдаевдин бир тууганы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости