www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

52 жаштагы таксисти муздап кетишти

Чүй облусунда изделип жаткан 52 жаштагы Бактыбек Чылпаковдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Жээк айылынын тургуну Бактыбек Чылпаков такси кызматында иштечү. Ал 5-августта эртеӊ менен үйүнөн жумушка унаасы менен кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес деп жазат Турмуш басылмасы.

«Мен азыркы тапта Москвадамын. 5-август күнү эртеӊ менен жумушка чыгып кетиптир. Москванын сааты боюнча кечки саат 18:00дө аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөм. Ал кардарлар келип калды деп телефонун коюп койгон болчу. Андан кийин эле телефону өчүк болуп калды.

Ал бир топ жылдан бери такси кызматында иштеп келет. Көбүнчө Тузов, Серафимовго каттайт. 3 уул, 1 кызы бар. Мындай мурда болчу эмес. Каякта жүргөнүн бизге айтып турчу», - деди Атай аттуу уулу.

Бактыбек Чылпаков «Хонда Одиссей» (мамномур S 6509 AX) үлгүсүндөгү автоунааны айдачу.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы: «6-августта Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө дайынсыз жоголгон кишинин 1951-жылы туулган жубайы арыз менен карылган. Бул арыз кылмыш каттоо китебине катталып, ыкчам иликтөө тобу издөө иштерин башташкан. 6-августтан 7-августка караган түнү саат 10:00 чамасында ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жоголгон адамдын «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасы Кант шаарынын Хунчи айылынын жанындагы айдоо талаасынан табылды. Унаага кароо жүргүзгөн маалда, анын ичинде кандын тактары, чегилген чылымдын калдыктары табылган.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында 52 жаштаны Ч.Б.нын жансыз денеси Кант шаарына кетип бараткан жакта, тактап айтканда Хунчи менен Биринчи май айылдарынын ортосундагы айдоо аянтчасынан табылган», - деп билдиришти.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголду.

Издөө иштерине катышкан айылдык тургундардын айтымында, маркумдун денесине 4-5 жолу бычак сайылып, мойнунан муздап кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости