www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир топ партиялардан сунуш алган Азиз Турсунбаев бир мандаттуу округдан – Ала-Бука, Чаткалдан талапкерлигин коёру белгилүү болду. Көп жылдардан бери бул аймакка эмгеги сиңип, бир канча ирет депутаттыкка да шайланган.
Учурда Азиз Турсунбаевдин бир буту кичи мекенинде, экинчи буту Бишкекте (!) дегендей, аламан күрөшкө аттанууга чындап киришип, белин бек бууган чагы. Акаев заманынан бери Ала-Бука, Чаткалдан Азиз Турсунбаев дайыма алдыга чыгып, оппоненттерин артта калтырып келет.
Ал эми 28-ноябрда өтө турган шайлоодо да көпчүлүк элдин колдоосуна татый турганы болжонууда. Канткен күндө дагы, күздөгү шайлоонун күрөшү катуу кетчүдөй, каршылаштары да оңой эмес адамдар.
Эң башкысы, олигархтар менен ат салышуу кыйла оорчулукту жаратса керек. Айтор, маңдайга жазып койсо, марага биринчи келүү Азиз мырзага кеп бекен?..
Булак: Азия News гезити