www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке экологияга зыяны жок 210 жаңы автобус келди

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында жаңы автобустардын презентациясы болуп өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаарга газ менен жүргөн 210 автобус келди.

Презентациядан кийин автобустар өз багытында элди тейлөө үчүн кетишти.

Шаарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу үчүн муниципалитет конкурска чейин аутсорсинг үчүн муниципалдык каттамдарды берүү боюнча чараларды көрдү, деп эскертет борбордун мэриясы.

Белгилей кетсек, «Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсы менен 2021-жылдын аягына чейин «СамАвто» ЖЧКсы (Өзбекстан) тарабынан чыгарылган 350 жапон ISUZU автобустарын жеткирүү боюнча кызматташуу келишими түзүлгөн.

Келечекте өнөктөш 2022-2023-жылдары түзүлгөн келишимдик мамилелерди эске алуу менен, газ менен жүргөн автобустардын санын, анын ичинде 9, 10 жана 12 метрлик автобустарды 1 миң даанага чейин көбөйтүүгө милдеттенет.

Бул компания ата мекендик компания, ал долбоорго өз каражаттарын салып, 1000ге жакын адамды жумуш менен камсыз кылат.

«Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсы муниципалдык ишкана эмес, өнөктөш менен жол кирени 10 сомдук төлөмдү талап кылган дизелдик кыймылдаткычы бар кичи автобустардан айырмаланып, 8 сом кылуу келишими түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости