www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Азиза айым, шейшемби күнкү митинг тууралуу кандай пикирдесиз?

- Биздин «Кылым шамы» укук коргоо борборунун байкоочулары аялдарга жана кыздарга карата өкүм зордукка каршы тынч жүрүшкө мониторинг жүргүзүштү. Эң оболу белгилеп койчу нерсе, бул жыйын 8-марттагы тынч жүрүштүн катышуучуларын кармап кетүүгө карата жарандардын реакциясы бодду. Шашке ченде Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында эки топ келгени байкалды. Алардын бири зордук-зомбулукка каршы тынч митингдин катышуучулары болсо, экинчиси контржыйындын катышуучулары эле. Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун катышуучулары эстеликтин алдына чогула башташканда контржыйындын катышуучулары сүйлөп жатышты. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да аябай көп болду. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, контржыйын деле жыйын. Болгону алар башкача позицияны карманышат. Андыктан, эгер тынч мүнөздө өтүп, башкаларга жолтоо болбосо, мамлекет аларга да шарт түзүп берүүгө тийиш. А эгер контржыйындын катышуучулары башка жыйынга жолтоо болуп, башкалардын укутун бузса, алар корголуу укугунан ажырайт. Саат 12 чендерде контржыйындын катышуучулары тынч жыйындын катышуучуларына карата провокациялык сөздөрдү айтышып, аларга жолтоо болууга аракет жасашты.

-Укук коргоо органдары бул жолу кандай аракет кылышты?

-Милиция чогулгандардын ортосуна туруп, контржыйындын катышуучуларын сүрүп чыгарышты. Андан соң эки жыйындын арасына тизилип, алардын ортосундагы аралыкты камсыз кылышты. Милициянын бул жолку аракети тынч жыйындарды өткөрүүнү камсыздоо богонча мыйзамдын стандарттарына жана талаптарына жооп берет, алар өз милдетин аткарууда кесипкөйлүгүн көрсөтүштү деп айтсак болот. 

Булак: АЗИЯnews

Последние новости