www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда вируска байланыштуу өзгөчө кырдаалга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги 10-мартта өткөн жыйында билдирди. Вирустун алдын алуу максатында базарлар, коомдук тамактануу түйүндөрү, калкты тейлөө жайлары жана эл көп жүргөн жерлер дезинфекцияланууда. "Алмадез" препаратынын жардамы менен күнүгө тазалык иштери жүрүүдө. Мекеме-ишканаларда, бала бакча жана мектептерде да коронавирустун алдын алуу аракеттери жүрүп жатат. Бир күндө эки маал аталган жайлар дезинфекцияланып, бул кадам элдин колдоосуна татыды.

Азыркы учурда Тажикстанда коронавируска чалдыккандар жок. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 1-февралдан 9-мартка чейин Кытайдан, Түштүк Кореядан, Италиядан, Ирандан жана Афганистандан келген 1566 киши текшерүүдөн өткөн. Алардын көбү эки жума карантинде болушкан.

Тажикстандын Ислам борборунун Уламалар кеңеши 4-мартта жаназадан башка учурда жапырт намаз окууга чектөө киргизген. Нооруз майрамына карата да элдин чогулуп майрамдоосуна тыюу салынган.

Эске сала кетсек, коронавирус азыркы учурда дүйнө жүзүндөгү 125 миң адамга жугуп, 110дон ашык мамлекетке жайылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости