www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бажы кызматы солоктоп, берилген планды аткара албай турат. Бажы кызматынын жетекчиси төрага Самат Исабековдун ишке жөндөмсүз экени билинип турат. 12-14 млрд сомго объективдүү факторлор бар. Бирок 10-12 млрд сомду жакшы иштесе, чогулта алмак. Ошондуктан алардын жоопкерчилиги 20-декабарь тушта каралат. Эч ким Самат Исабековду коргобойт. 2023-жылга бюджеттик тартыштыктын өлчөмү 21 млрд 263.2 млн сомду түздү. Тартыштык ошол бойдон токтоп калбайт экен: 2024 жылга болжол менен 24 миллиард 171 миллион 81 сомду түзсө, 2025 –жылы бюджеттик тартыштык 22 миллиард 898 миллион 452миң сом 70 тыйынды түзөт. Демек жаңы өкмөт тартыштыкта жүрүп эле өтөт экен.
Биринчи орун басар Адылбек Касмалиев, бюджетти толтуруу максатында көмүскөдөгү бизнестерди мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт иш алып барып жаткандыгын баса белгилеп өттү. Анын концепциясы боюнча 2022-жылы 12 миллион литр алкоголдук продукция чыгарылса, быйылкы жылы анын деңгээли 25 миллион литрге чыга турган болду. Кен казуучу компаниялар өзүнүн үлүшүн сатууда биринчи Кыргыз республикасынан уруксат алат, албетте биринчи сатып алуучу биздин мамлекет болот. Ошондой эле мамлекеттик улутташтарылган обьектерди сатуу боюнча тендерлер жана аукциондор жабык түрдө өткөрүлбөйт. Массалык маалымат каражаттардын катышуусу менен ачык-айкын жүргүзүлө турган болду.
Дефициттен башыбыз чыгабы?
Экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтуусунда, бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу үчүн 10 миллиард сом бөлүнөт экен. Бул үчүн салыктан кошумча 2 миллиард сом, бажы кызматы 2.5 миллиард сом чогултат. Демек салык төлөөчүлөрдүн териси тескери сыйрылат. Байланыш мамлекеттик агенттиги 200 миллион сом, экономикалык өнүктүрүү фонду 100 миллион сом берээри белгилүү болду. Андан тышкары экономикалык секторлорду дыкат изилдеп чыгаарын айтты. Анын оюу боюнча быйылкы жылды дефицит менен эмес профицит менен аяктоо максаты бар. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, бары бир быйылкы жыл деле дефициттүү бюджет менен кабыл алынмай болду.
Каржы министри Алмаз Бакетаевдин айтуусунда 2023-жылдын экономикасына Орусия менен Украина согушу кандай таасир тийгизгени анализденип чыккан. Министрдин айтуусунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 322 млрд 766 млн сом, ал эми чыгаша 382 млрд 165.9 млн сомду түзгөн. Бюджеттин тартыштыгын ички жана сырткы булактардан алынган каражат менен жабуу белгиленген. Эгерде каражат бар болсо, анда эмнеге дефициттүү бюджетти сунуш кылышат. Ошол каражаттарды көрсөтүп мейли профициттүү бюджет болбой эле койсун, жок дегенде дефицит жок бюджет болбойбу.Ал эмес алдыдагы жылдарга көз салып көрсөк, дефицитен кутула алчудай эмеспиз. Алдыдагы жылдарда да дефициттүү бюджеттен кутулбайбыз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg