www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде облустук, шаардык, райондук деңгээлдеги маданий оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди.
Мэриянын маалыматына караганда, мындай чектөө 2023-жылдын 31-декабрына чейин болот.
“Мындай чектөөлөр Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылышууларга байланыштуу болду. 14-16-17-сентябрь күндөрү Кыргызстанга тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан шейит кеткен 63 аскерибиздин, 200гө жакын жарадар болгон жарандарыбыздын жана үй-жайсыз калган замандаштарыбыздын абалы, шаар тугундарынын майрамдоого көңүл чаппагандыгы эске алынган”,- деп мэриядан билдиришти.
Чектөө киргизилген майрамдар:
Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.
УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.
Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.
Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирген.
Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 206 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Булак: NazarNews.kg