www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкага элчи болуш үчүн бардык амалын салып жүргөн Аманбаев Бакыт деген бар. Мунун бийиктеп кетишине эжеси Урмат Аманбаева менен тагасы Кыяз Молдокасымов себепкер болгон. Урмат Аманбаева бешинчи парламенттин депутаты, кылмыш иши козголуп сыз жерге отуруп келгени болбосо, анча деле кыйратып иш жүргөзгөн жок. Ал эми Аманбаев Бакыт Ош базарында тачка сүйрөп эптеп оокат кылып жүргөндө, тагасы Кыяз Молдокасымов «Азаттык» радиосунан КТРКны көздөй чоң секирик жасайт. Чындыгы Кыяз Молдокасымов таланттуу жигит, анан да трайбалисттик сезимдери жок. Мисалы Шабдан баатыр жана башкалар үчүн өз пикирин айтып жүрөт, бирок эч качан трайбализмге түшпөйт. Бир гана бала кезинен «Азаттык» радиосу менен чоңоюп, маалымат айдыңында өз билгендерин себелеп келатат. Жата калып Равшан Жээнбеков сыяктуу гомосексуализмди колдоп деле кеткени жок. Ал жакка да өз пикири бар.

Кыяз Молдокасымов трайбалист эмес дебедикпи, ошондуктан ким президент  болсо ошону мактагысы эле келип турат. «Азаттык» радиосун башкарып турган Акаевдин заманында Николай Танаев деген өкмөт башчысы маалымат жаатында «Азаттыкка» жеңилип калдык деп, мойнуна алган. КТРКга Башкы директор болгон Бакиевдин заманында Мелис Эшимканов деген досу бар болчу, ордун алып койгону болбосо түзүк эле иштеди. Атамбаевдин убагында болсо Алматыга барып архив казып жүрүп Атамбаевдин Шама деген кытай тараптан ашпозчу болуп келген аталарын кадыр-баркы боюнча Алымбек даткадан ашырып жиберди. Шама ошол боюнча калды, кеп да сөз да болгон жок. Анткени, анын тукуму Атамбаев президент болбой калды. Бирок «Кыргыз эл Баатырын» Кыяз Молдокасымовго «подарить» этпесе да «Манас» орденин берип кетти. Президент Жээнбеков болгондо Кыяз Молдокасымов Сооронбай Жээнбековдун бабаларын издеп Ташкендин архивин каза баштаган. Анын үстүнө мурун эле элге белгилүү болгон кыргыздын биздин заманга чейин он кылымдык өмүрү тууралуу бежиресе Бээжинди чаап келгендей болду. Жээнбеков кызматынан кеткени ал тууралуу деле сөз болбой калды. Садыр Жапаров келгени каяктын архивин казып жүргөнүн ким билет?

Аманбаев Бакыт Ош базарында тачка сүйрөп эптеп оокат кылып жүргөндө, тагасы Кыяз Молдокасымов «Азаттык» радиосунан КТРКны көздөй чоң секирик жасап, аны КТРКга алып келет. КТРКдагы эң зобололуу коммерциялык директор деген кызматты алып берет. Андан кийин омбудсмен болот, эптеп бийликтин аштоосунан түшпөй жүрөт да, АКШга элчи болуп кетет.

Америкада элчи болуп, курсагы ток, кайгысы жок жүргөн Бакыт Аманбаев жакында кызматынан кетет экен деп жатышат. Анда-санда Фейсбукка чыгып, ар нерсенин башын айтып акыл айтып калганы болбосо, элчи болгону эч нерсе кыйраткан ишин көргөн жан жок. Деги эле, колунан иш келбеген, деңгээли тушардан ашпагандардын амбициясы аттын башындай болуп, оозун ачышса эле он сегиз миң ааламдан кеп кылышат экен. Бирок, ымтырашкан менен ар кимдин этегине эрмешип, жакасына жармашып бийликтен кетпей айланып-тегеренип жүрө беришет көргөндөрдүн көзүн жоорутуп. 

Айтайын дегенибиз, элчиликтен кетсе Тышкы иштер министрлигине министрдин орун басары болуп келип калышы ыктымал. Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт деген ырас окшойт. Муну кадрдык кризис деп коёт. Тышкы саясатты билимдүү, эрктүү, кыраакы дасыккан дипломат жүргүзүш керек, Аманбаевге окшогондор эмес. Бул Бакыт Аманбаев дагы кооз сүйлөп, калп патриот болгонду мыкты өздөштүргөндөрдүн бири десек жарашат. 

"Мекенчил" партиясы менен Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышканда, элге: "Биз бийликке келип калсак электр энергиясындагы коррупцияны кан буугандай токтотобуз. Ортомчулар 1кВт/саат электр энергиясын 12 тыйындан сатып алып, элге 77 тыйындан, 700 кВт/ сааттан ашса, 2 сом 16 тыйындан сатып жатат. Биз ошолорду токтотуп, арзандатабыз",- деген. 

Мына андагы табакташ, санаалаш, үзөңгүлөштөрү бийликтин сересинде отурушат. Электр энергиясын арзандатмак түгүл, күнүнө эки маал өчүрүп, тарифтин баасын бери жагы 1 сомго көтөргөнү жатышат. Аманбаев чындап элдик киши болсо, шайлоодо айткан убадасын эстеп, "койгула, шерменде болобуз, эл кууп чыгат" деп үн катып койсо болмок. Болбосо, ансыз элчиликтен кетет экен Энергетика министри кылып, баягы айткан жомогуңдун өтөөсүнө чык деш керек. Ай таң, ал деле колунан келбейт. Буларды сүйлөтүп эле койсо болду.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов  Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады, аны бул жерге толугу менен кыпчый кетели: «Быйыл, 2023-жылы улуу агартуучу, жазгыч акын, тарыхчы, ойчул, наркты-салтты даңазалаган Молдо Нияз Эрназаровдун 200 жылдык мааракеси белгиленгени жатат. Мына ушул даңазалуу инсандын 200 жылдык мааракесин 2023-жылдын 31-августунда эгемендүүлүк майрамы менен бирге Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүүнү сунуш кылам. Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы менен Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өткөрүлгөнү элдин эсинде. Ошол мааракеде жыл сайын эгемендүүлүк майрамы алдын-ала тандалган бир облуста кезектеше өткөрүлөрүн айткан элеңиз.

Баткен өлкөдөгү өтө аялуу аймак. Өткөн жылдагы сырткы агрессиянын кайгысы унутула элек. Элдин көңүлүн көтөрүп, дух берип, майрамдык маанай тартуулап, улуу акын, агартуучу, тарыхчы, ойчул Молдо Нияздын 200 жылдык мааракеси менен эгемендүүлүк майрамын Баткенде өткөрүү учур талабы, өтө маанилүү! 2023-жылы Молдо Нияздын мааракесиндей толук кандуу маараке да азырынча жок! 10, 30, 80, 90 жылдык мааракелер 200 жылдык мааракедей чыныгы маараке да эмес. Ошондуктан биздин кайрылуубузга кайдигер карабайсыз го деп терең ишенем, - деп жазган Кыяс Молдокасымов Кайрылууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости