www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Н.С. аттуу салык кызматкери жасалма документтерди жасап, жаранды жеке ишкер катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөрүп, андан кийин анын атынан көмүскө экономикалык иштерди аткарып жүргөн. Жыйынтыгында республикалык бюджетке келтирилген зыян болжол менен 52 млн 870 миң сомду түзөт.
25-январда Н.С. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз экономикалык иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg