www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул министрликке миллиардаган акча бөлүнүп жатат, каякка кетип атканын бир Жаныбеков билсе, бир Акылбек Жапаров билет. Жапаров учурунда Европадан ар бир сааганда 60 литр сүт бере турган уй алып келдим деп элге жар салган. Айыл чарбасына кимдер гана министр болбоду, бадыраң, ашкабактардын бары министр болуп чыкты. Бирок ностальгия деген бар, Бекболот Талгарбеков айыл чарба министри болуп турганда парламент аны колдобой койот. Бирок Талгарбеков жатып алган жок. Жеңин түрүндү да айыл чарбасына реформа кылуу үчүн талбай иштеди. Ал кезде паротократтар реформага каршы чыгышып Талгарбековду баткактан алып ылайга, ылайдан алып баткакка чаап турушту. Арийне, Талгарбеков кажыбас көктүгү менен реформага катуу киришип, бирок бийлик алмашып кеткенден улам реформа аягына чыкпай калды.
Эмки министр болсо, 1985-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда Чүй облусунун суу ресурстарын биргелешип пайдалануу келишимине кол коюлган”,- деп билдирип, Кыргызстан суулардын 42 %ын Казакстанга берүүгө, ал эми 58%ын өзүнө калтырууга милдеттеме алганбыз, аны аткарышыбыз керек деп алакан жайып отурат. Мындайда министр Жаныбеков сөзгө так болуп калат. Андан көрө казактар көрсөтпөй параны беришет, кыргыздарга суу берсек акча беришпейт деп түз эле айтпайбы. Арийне, эки мамлекеттин ортосундагы достук мамиле, милдеттеме сакталыш керек. Бирок өзүбүздүн дыйыкандарга максималдуу шарттар түзүлүп, суу менен камсыз болушу зарыл эмеспи. Аскарбек Жаныбеков айыл чарбасын айрандатып бүттү, атасынан мураска калса деле жетишет да.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дыйкандарды, фермерлерди кыйнап бүтүрдү. Эки жылдан бери министр болуп иштеп жатат, эмне кылып жатканын түшүнүп болбойт. Өзбекстандан сатылып келген селитра, жер семирткичтер дыйкандарга берилбей, мөөнөтү өтүп кетип жараксыз болуп, бюджетке бир миллиард сомдон ашык зыян келтирилгени канча ирээт коомчулукта талкууланып, айтылып, жазылды. Ал аз келгенсип мамлекет дыйкандар менен фермерлерге арзан пайыз менен берилип жаткан насыялар даректүү жетпей жатканын Жогорку Кеңештин депутаттары айтып, маселе көтөрүштү. Бийлик маани берип, чара көрүүнү ойлогон жок. Иштен алынат болуп, бирок ошол бойдон ордунан козголбой, кылы кыйшайбай келет.
Кыскасы, сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн президенттин жападан жалгыз "көзүрүнө" айланды. Ишмердүүлүгү күмөндүү бир топ аткаминерлерди камакка алып, кустуруп жаткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Аскарбек Жаныбековго келгенде эле "тиши" өтпөй койду. Мына учурда ирригация маселеси жөнгө салынбай, дыйкандар сууга жетпей, түшүмдөн куржалак калмай болдук дешип ыйлап жатышат. Айрымдар, суунун баары эле Казакстанга кетип жатат, бизде суу жок деп нааразы.
«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жалпысынан 3 млрд 396,5 млн сомго 6 миң 746 насыя таратылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Анын ичинен 5557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 млрд 155,1 млн сомго, ал эми 241,4 млн сомдук 1189 насыя күрөөсүз берилген. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүу багытында күрөө коюлган шартта 868,8 млн сом суммасында 1840 насыя, 128,7 млн сомго күрөөсүз 640 насыя берилди. Мал чарбасын өнүктүрүүгө күрөө менен 1 млрд 881,6 млн сомдук 3572, күрөөсүз 112,6 млн сомго 549 насыя берилген. Айыл чарбасынын кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү үчүн күрөөлүк негизде 404,6 млн сом суммасында 145 насыя таратылган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg