www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте экспрезидент Алмазбек Атамбаев тарабынан 2012 жылы жол кире кымбаттап көпчүлүк өксүп кала берген. Ошол бойдон Атамбаев да, андан кийинки президент Сооронбай Жээнбеков да жол кире тууралуу ооз ачкан жок. Жол кире кымбаттабаган соң алтынчы чакырылыштагы депутат Камчыбек Жолдошбаев депутатарды арзан автобустарга эл менен кошо түшөсүңөр деп зекиген. Буга ал кездеги спикер Дастан Жумабеков күбө. Садыр Жапаров президент болуп келери менен он жылдан бери жол кире кымбаттай элек дешип, 2021-жылдын 1 ноябрынан баштап жол кире көтөрүлгөн. Жол киренин көтөрүлгөнүнө бир жылдан саал ашары менен кайрадан Бишкек мэри Эмил Абдыкадыров жеңин түрүнүп жол кирени кымбаттатканы жатат. Бишкекте коомдук транспорттогу жол кирени кымбаттатуу планын дифференцияланган тарифти эске алуу менен гана ишке ашыруу каралып жатканы туура эмес.

Элдин айтымында, муниципалдык автобус-троллейбуска жол кирени накталай эмес төлөгөн жүргүнчүлөр үчүн азыркыдай эле тариф кала берет, социалдык жеңилдиги барлар үчүн да тариф жогорулабайт. Тарифти көтөрүү азырынча сунуш гана экенин, бир ай коомдук талкуудан, шаардык кеңештен өтүп, алымча-кошумчалар болорун мэрия белгиледи:

Электрондук жол менен, “Тулпар” “Visa”, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу төлөсө 11 сом бойдон эле калат. Эгер накталай акча менен төлөсө, анда 15 сом болот деп сунуштап жатабыз. Ал эми микроавтобустарда түнкү тариф киргизип жатканыбыздын себеби – жумушу кеч бүтүп, аргасыздан кымбат баага такси чакырууга мажбур болгондор көп кайрылган. Бул үчүн түнкүсүн каттай турган кичи автобустардын саны көбөйтүлөт.

Бишкек шаардык кеңешинин жол кире тууралуу мындан туура 10 жыл мурда кабыл алынган токтомун өзгөртүү жөнүндөгү сунуш коомдук талкууга быйыл 25-январда чыгарылды. Мэрия өзүнүн сунушунда тарифти өзгөртүүгө “Эксплуатациялык чыгымдар жана инфляция деңгээли” негиз экенин белгиледи.

Автобус-троллейбустун жол киресин азыркы 11 сомдун ордуна 15 сом, маршруттук кичи автобустардыкын азыркы 15 сомдон 21 сомго (таңкы 6дан кечки 9га чейин) жана 32 сомго (кечки 9дан таңкы 6га чейин) жогорулатуу сунушталып жатат. Мындан тышкары беш багытта экспресс-маршрут (аялдамаларга токтобой айдай турган) ачып, жол киресин 22-32 сом кылуу сунушталууда.

Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус 8 каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетип жатат.

Шаарды кичи автобустардан арылтып, коомдук транспортту иретке келтирүү талабы көптөн бери айтылып келет. Калаа бийлиги бул үчүн кеминде 1500 автобус керек экенин билдирүүдө. Азыркы тапта шаарды заманбап автобустар менен камсыздоо багытында бир катар иштер жүрүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости