www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

38

Эл оозуна алынып, бак –дөөлөтү көкөлөй баштаган акындар Найманбай менен Калмырза Дыйкан болуштукуна келип түшүшөт. Буларды Дыйкан болуш жакшы саламы, жарык кабагы менен тосту. Найманбай менен Калмырзанын чакыртпай келип калганына Дыйкан болуш чын дилинен кубанды.Дасторкон жайылды. Дасторкон кулжебестерге жайнап турат. Ак өргөөнүн атайын жасалгасы, тасмалдагы Анжияндан алып келинген мөмө-чөмө жемиштер Дыйкан болуштун бардар экенин билдирип турду. Боз үйдүн ээр жагынан эпчи жагына чейин илбирстин, карышкырдын, сүлөөсүндүн терилери илинип турат. Жерге төшөлгөн шырдак менен ала кийиздин үстүнө жалаң аюу талпактар салыныптыр. Коноктор ошол аюу талпактардын үстүндө отурушту.

Көөкөрдөн кымыз куюлду.Төрдөгү меймандарга сунулду. Алар чер жаза сүйлөшүп отурушту.Жайыл дасторкон үстүндө Дыйкан болуш төкмө акындар менен кызыл чай уурташып, Дыйкан болуштун молдосу курандын тапсиринен, шарыяттан эбиреп –жебиреп кеп ура баштады. Демейде, жаактууга жай бербеген төкмө акындар молдону карашып, оозуна талкан сугунуп алгансышып, унчукпай мелтиреп олтурушту.

Кызуу кепти кымыз чыгарат эмеспи. Кымызга суусун кандырган соң аксакалдар Найманбай менен Калмырзанын ырдап беришин суранып калышты. Сөздү биринчилерден болуп атактуу чоңчарык Балыкооз ырчынын төкмө акын уулу Найманбай алып, Дыйкан болушту беттеп ыр мөндүрүн жаадырат:

Болуштун киндик каны төгүлгөн,

Чекилдек деген кенен жер.

Азык элин башкарган,

Дыйкан болуш кеменгер.

Касиетин болуштун,

Кез келди калкка себелер.

 

Кушчу, кытай, көп саруу,

Кең –Кол билген болушту.

Басыз, мундуз, ичкилик,

Бүт сол билген болушту.

Адыгине, моңолдор,

Алай билген болушту.

Черик, тезек, коңурат,

Таамай билген болушту.

Кыжылдаган кытайдын,

Чеги билген болушту.

Кыргыз менен казактын.

Эли билген болушту.

Бөлөкбай, талкан, жедигер,

Чүйү билген болушту.

Дөөлөс, бугу, шыкмамат,

Үйү билген болушту.

 

Арык тукум, алакөз,

Тоңу билген болушту.

Сарбагыш, саяк, моңолдор.

Оңу билген болушту.

Ойоздордун ордосу,

Бишкек билген болушту.

Аңыз кылып билбеген,

Издеп келген болушту.

Алайдагы Курманжан

Датка билген болушту.

Мургабдагы кыргыздар

Жаткабилген болушту.

Жер ортосу Көтмалды,

Тобу билген болушту.

Жалпы кыргыз жамааты

Чогуу билген болушту.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости