www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги турак жай алуудагы ар түрдүү багытта алдамчылыктар бар экендигин эскертет.

Аталган башкармалыктын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 12 айына карата турак жай кооперативдери тарабынан алдамчылык фактылары менен жалпысынан 16 турак жай кооперативине арыздаттануулар келип түшкөн. Алар, “Ак үй КЖ”, “Жилье Гарант” , “Элдик Групп”, “Ихсан Групп ЛТД”, “Береке ЛТД”, “Дарим хаус”, “Ордо-Мурас”, “М строй групп”, “С-Лайн”, “Биринчи турак-жай кооперативи”, “Ансар”, “Ипотека”, “МПК коператив”, “Нью миленниум” жана “Эл биримдиги”.

12 ай ичинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине 1515 кылмыш иши катталган. Мурунку жылдан 9 кылмыш иши өткөн, бардыгы болуп 1524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен 1284 кылмыш иши соттук кароого жиберилип, жалпысынан 1524 адам жабырлануучу болуп табылганы маалымдалат. "Жалпы келтирилген материалдык зыян 901 миллион 726 миң 29 сомду түзөт. Учурда өндүрүлгөн 108 миллион 855 миң 713 сомду түздү. Бардык козголгон кылмыш иштери боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тергелип сотко жиберилди. 

Буга байланыштуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу үйлөрдү сатып алуу максатында акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экендиги эскертет", - деп жазылат маалыматта.

Каржы пирамидасынын негизги белгилери-кыска мөөнөттө турак жай алуу убадасы, ачык-айкындуулуктун жоктугу экени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости