www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Түркия эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн 2 миллиард долларга чейин жогорулатууну талкуулашты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул маселе 2023-жылдын 1-февралында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен Түркиянын Товардык палаталар жана биржалар биримдигинин (TOВВ) президенти Рифат Хисарчиклы оглу менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Мындан тышкары соода үйлөрүн ачуу жана эки өлкөнүн ишкерлерине бизнес-форум, бизнес жолугушууларды өткөрүү аркылуу байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле КР менен Түркиянын палаталарынын ортосунда тажрыйба алмашуу, аны реформалоонун алкагында КР Соода-өнөр жай палатасынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу программасын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Т.Сариев жана бир катар кыргызстандык ишкерлер Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Измир шаарында өткөн «АГРО ЭКСПО 2023» эл аралык айыл чарба, багбанчылык жана мал чарба көргөзмөсүнө да катышып, ишкер чөйрөлөр менен жолугушууларды өткөрүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости