www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Макалё»
Дастан Жумабеков
Дастан Жумабековдо ныпым деген уят жок экен. Алмазбек Атамбаевдин артынан спикер болуп, андан оомат тайганда дароо Сооронбай Жээнбековго өтө качып, кулдай кызмат кылганы, ортодон «Кыргызстан» партиясынын кожоюну Канат Исаевге дос болуп жүрүп дагы башка партияга секирди. Ошентип, соңку убакта Садыр Жапаровдун короосунда «куйругун шыйпаңдаткан күчүктөй кыңшылап», резиденцияда сагалап жүрөт. Табиятынан сойкуну кесибин таштатуу кыяматтай кыйын болсо, саткынчылыктан арылуу андан бетер татаал тура. Дал ушундай образдагы Дастан Жумабеков учурда Садыр Жапаровго бөжөңдөп, бөйпөңдөп, жагалданып жүрөт. Ушинтип жашап, ар кимдин «кол аарчысына» айлангыча өлүп эле калган артык го...
“Торпеда”
Токторбаев Жеңиш
Парламент депутаты Токторбаев Жеңиш “Торпеда” “кличкасына” ээ болууда. Калп айткан менен болобу, Токторбаев Жеңиштин саясаттагы жүрүшү артка кайтууну билбеген торпеданы элестетет. Кемеден чыгарылган торпеда зуулдап барып, объектини талкалап, жок кылгандай Токторбаев Жеңиш да көктүгүнө салганда, эр болсоң ага каршы чыгып көр. Ордунан бир козголуп, күүлөнүп алганда, ОБОН атыккан катындар шоона эшпей калышы ыктымал. Тийишкен министрлердин сазайын берип, сөзүн бөлгөн спикердин айласын кетирип салат.
«Бригада»
Талант Мамытов
Жомокто төрт Мамыт бар: куюн Мамыт, сөз ташыгыч Мамыт, калдаң кулак Мамыт, жер чукур Мамыт. Ушул төрт наамга тең эгедер Мамытов шайлоо алдында «Ата-Журт» партиясында болсо да, эмнегедир ортону жел аралап «Ынтымак» партиясына кирген. «Эшегине жараша тушагы» дейт, заманга жараша спикер Талант Мамытов «иңа» деп бакырып, бул ааламга келген күндөн баштап, арамзачылыктын алиппесин үйрөнө баштаган. Бешиктен бели чыга элек жатып, «Ата-Журт» партиясында ар кимдин көлөкөсүн аңдып, эшигин сагаалай баштайт. «Ата-Журт» партиясынан жерден элдир-селдир жазганды үйрөнгөн соң, андан катта акаларынын «акырларын» аңдый баштайт. Ошол мезгилде «Бригада» атка конгондор Атамбаевдин аргамжысына чалынат. Бул алааматтан Зулушев сууруп чыгат. Ал жерден арамзачылыктын анатомиясын толук үйрөнгөн соң, тормозу жок токтолбой кете берет. Күндүн тең жарымында «Ата-Журт» партиясынын ишин бүтүрсө, күндүн экинчи жарымын «Республика» партиясынын оюнун ойноп «РАЖда» аты-жыты жок депутатка айланат. Эки «акырдан» жем жеп аткан учурда акеси байкоосуздан бийликке келип, Талант Мамытовдун жылдызы жарк этип жанып, Канат Исаевди омуроолоп спикерлик кызматты ээлеген. Аны ал жерден көчүккө тээп кууп чыгышты.
"Самын"
Эмил Жамгырчиев
Эмил Жамгырчиев Бишкекте Горький көчөсүндө жана Ахунбаев-Алматы көчөсүндө эки ботаникалык бак бар экенин эске салып, ботаникалык бакты трансформациялап, президенттин урматына атын берүүнү сунуштаган. "Ахунбаев-Алматинкадагы Ботаникалык бактын аянты 100 гектар, Горький көчөсүндөгү 50 гектар. Жалпы 150 гектар жер азыр Илимдер академиясынын балансында. Ботаникалык бакты 60 кызматкер карайт. 20 адам чарба жагына жооптуу. Калган 40ы илимпоздор. Ошондо, 150 гектар жерди болгону 20 адам тейлейт. Бакчалардын азыркы абалын карагылачы. Керек болсо иттер да барбайт. Жалаң баңгилер, зордуктоо болуп жатат. Балким, Ботаникалык бакчаны улуттук парк кылып, президенттин атын бериш керекпи? Каралбай, талкаланып жаткан бакчага президенттин атын берип сактап калсак деген ниети жакшы. Бирок бул жагдайды, айрымдар кошомат катары баалап, "самын" деп сынга алышкан. Президент Атамбаевдин атын Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна берчү Кубанычбек Жумалиев каякта?
“Аптекарь”
Садырбаева Жылдыз.
Бул каймана ысымдын ээси – азыркы депутат Садырбаева Жылдыз. Бизнесинен улам берилген “кличка”. Биз билгенден буга өзү чычалабайт экен. “Чындык ушундай да” деп жооп берет. Кыргызстандагы дары бизнесинде монополисттей эле орунду ээлеп, өлкөнүн аймагында ага тиешелүү жүздөгөн дарыканалар иштейт. Дарыканалары эсепсиз Садырбаева Жылдыз парламентке жетип депутат болуп отурат. “Бийлигиң болсо байлык жасайсың, байлыгың болсо бийликке жетесиң” дегенди Садырбаева Жылдыз жакшы өздөштүргөн окшобойбу. Бизнеси менен байлыкка да, бийликке да жетип келе жатат. Бир гана жаман жери дарыларды эл-журтка кымбат сатып, пайда тапканды жакшы көрөт. Айрыкча пандемия учурларында.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg