www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад боюнча кармалган Улукбек Маматаевдин апасы президентке кайрылды. Ал өзүнүн билдирүүсүн Фейсбукка жазды.
Аялдын айтымында, 15-март күнү уулу тез арада ооруканага жаткырылып, операция жасалган.
«Президент айткандай, жыландын баласы да темир тор артына отурбашы керек, муну душманыңа да каалабайсың. СИЗОнун оор шарттарында өнөкөт оорулар кескин күчөп, мурда болуп көрбөгөн жаңы оорулар пайда болот. Улукбек керектүү дарыланууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан операция столуна жатып калды.
Уулумду үй камагына чыгарууну суранам. 30га жакын адам өз мекенинин кызыкчылыгын коргойм деп темир тор артына отурушат. Жарым жылдан бери адамдар эч кандай далили жок эле камакта жатышат. Тергөө улана берсин, бирок үй камагына чыгарылсын. Ал качпайт. Бул күндөр да өтөт, бирок баламдын ден соолугун эч ким калыбына келтирбейт. Президент Садыр Жапаров, сиз өзүңүз да ушундай күндөрдү башыңыздан өткөрдүңүз. Ошондуктан биз сиздерден адилеттүүлүктү талап кылабыз»,- деди.
Эске салсак, Маматаев октябрь айынын аягында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыккан башка активисттер менен бирге кармалган. Ал жана башка камактагылар дээрлик беш айдан бери СИЗОдо кармалууда.
Маматаев 15-мартта оор абалда шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.
Булак: NazarNews.kg