www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ачып -көздү жумгуча кайрадан шайлоо кирип келди. Эми 25 ноябрда элдик курултайга делегаттарды шайлайбыз. Курултай алгачкы ирет болгону атат, мурун «Ынтымак» курултайы болгон, бирок көп өтпөй бийлик алмашылган. Жогорку Кеңештин депутаттары, андан кийин саясий партиялар дагы эл менен бийликтин ортосунда толук кандуу көпүрө боло алышкан жок. Кыргызстанда 31 жылдан бери депутаттар жана партиялар өздөрүнүн гана максаттарын көздөп келишти. Өз кезегинде өлкө жетекчилеринин элге отчеттору парламентте гана айтылып келди. Башкача айтканда, эл менен бийликтин түз диологу болгон жок. Ушул жылдын ноябрь айында өтө турган биринчи элдик курултай – бул эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болмокчу.
Конституцияда жазылгандан кийин Элдик Курултайды өткөрүү сөзсүз керек. Бирок аны ишке ашыруудан мурун сентябрда келип иштей турган Жогорку Кеңеш Элдик Курултай жөнүндөгү Конституциялык мыйзамды тезирээк кабыл алып берсе бардыгы ойдогудай болмок. Ал Мыйзамда биринчи кезек Курултайга өкүлдөрдү кандай тартипте шайлоонун эрежелери так аныкталышы зарыл. Курултай – бул элдик өкүлчүлүктүн бир түрү. Ал байыркы доорлордон бери бар. Мисалы, байыркы гректерде "агора", арабдарда "мажлис", перстерде "диван" болгон. Кийин бул парламент катары калыптанып калды. Кыргызстанда курултай жөнүндөгү норма бардык конституцияларда болгон. Бирок, бул эмне экенин баары эле түшүнө бербегендей таасир калтырат. Курултай – бул элдик жыйын. Башкача айтканда, бул активисттердин, саясий партиялардын, коомдук пикир лидерлеринин жана башка топтордун эмес, элдин өзүнүн катышуусу. Делегаттар социалдык жана коомдук абалына карабастан, аймактык тиешелүүлүгүнө жараша ачык-айкын түзүлүшү керек. Анткени көп улуттуу кыргыз элинин тагдыры жөнүндө болуп жатат.
Делегаттарды шайлоо ачык эмес, жабык түрдө өтүшү керек. Антпесек, бийликтеги ар кандай адамдар өзүнүн оюн таңуулай бериши мүмкүн. Андай болсо, иш таптакыр бузулат. Элдик Курултайдын милдети Конституциянын 7-беренесинде ташка тамга баскандай ачык-айкын аныкталып турат. Ага ылайык, «Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.
Президент Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотот. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамынын үчтөн бири Президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт. Ошентип, жаңы Конституциянын өзүндө эле Элдик Курултайдын вазийпалары аныкталып турат.
Бирок ошондой болсо дагы, Конституцияда «Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат», - деп айтылып калгандан кийин, Курултайды кийинчерээк, мисалы кыш мезгилинде, Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзамды кабыл алып, ага президент кол койгондон кийин өткөрсөк, анда өзүбүздүн коомчулук жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү дагы Курултайдын легитимдүүлүгүнө эч кандай шек келтире алышпайт эле. Бул биздин өлкөбүздүн келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен ошондой эле ушул элдик курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилген..Ал элдик курултай укуктук статусу мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин кыргыз элинин тарыхый салты болуп саналган элдик курултайды уюштуруу жана ишин жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.
Элдик курултай жөнүндө убактылуу жобонун тексти:
– Кыргыз Республикасын гуманитардык-маданий жактан өнүктүрүү;
– улуттук маданиятты, тилди өнүктүрүү жана кыргыздардын улуттук мурасын кайра жандандыруу;
– Кыргыз Республикасынын элинин салттарын жана мурастарын сактоо;
– мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара мамилелери;
– экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
– региондор аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү;
– улуттук каада-салттар менен үрп-адаттарды заманбап жашоонун чындыктарына ыңгайлаштыруу.
– Кыргызстандын элин түзгөн коомчулуктардын диалогун жүзөгө ашыруу;
– бийлик менен Кыргызстандын элинин ортосунда эки тараптуу байланышты түзүү жана пикирлерди алмашуу;
– өлкөнү жана анын региондорун өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук макулдашууга жетишүү;
– өтө маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда мамлекеттин жетекчилигине Кыргызстандын элин түзгөн коомчулуктардын макулдашылган позицияларын, сунуштамаларды жана багыттамаларды иштеп чыгуу.
Элдик Курултай өз жыйналышында Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешке Элдик Курултайдын өкүлүн шайлайт.
Элдик Курултайдын чечими Элдик Курултайдын Төрагасы тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштама катарында жиберилет.
Элдик Курултай Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген чечимдерди кабыл алат.
Элдик Курултайды өткөрүүнүн жана делегаттарын шайлоонун тартиби
Кыргыз Республикасынын Президенти өз демилгеси боюнча же Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин сунушу боюнча кезексиз Элдик Курултайды чакырууга укуктуу.
– Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринен – 960 делегат;
– чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;
– конфессиялык коомчулуктардан – 10 делегат.
– 452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);
– облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);
– Бишкек шаарынан он жана Ош шаарынан алты (16 делегат).
Эмгек мигранттарынан Элдик Курултайдын делегаттары бир уюм – бир мандат принциби боюнча коомдук уюмдар тарабынан шайланат. Элдик Курултайдын делегатын шайлоо укугу Элдик Курултайдын делегаттарын түзүүнүн катышуучуларынын тизмесине киргизилген коомдук уюмда келип чыгат. Коомдук уюм бул уюмдун келген өлкөдө мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде тизмеге киргизилет.
Элдик Курултайдын делегаттарын түзүүгө катышуучулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аныктаган квота боюнча түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине андан ары дипломатиялык өкүлчүлүккө өткөрүп берүү үчүн берилет.
Элдик Курултайдын делегаттарын түзүүнүн катышуучуларынын тизмесине киргизилген коомдук уюм дипломатиялык өкүлчүлүктөн уюмду тизмеге киргизүү жөнүндө маалымкат алат. Бул тизме жана делегатты шайлоо жөнүндө протокол Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине (мындан ары – уюштуруу комитети) берилет.
Элдик Курултайдын делегаттарын түзүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген диний уюм Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан уюмду тизмеге киргизүү жөнүндө маалымкат алат. Бул тизме жана делегатты шайлоо жөнүндө протокол уюштуруу комитетине берилет.
Элдик Курултайдын делегатынын документи (мандаты) «ID» карта (паспорт) формасында жана өлчөмүндө берилет:
– тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан айылдык округдардан жана шаарлардан шайланган делегаттарга;
– коомдук уюмдардан жана диний уюмдардан шайланган делегаттарга – алардын уставдык органдарга.
Элдик Курултайдын делегатынын документи (мандаты) ал уюштуруу комитетинде катталган күндөн тартып жарактуу.
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары;
– ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгы бар адамдар;
– соттун чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдар;
– мурда соттолгондор;
– жашы жете элек адамдар.
– Элдик Курултайдын органдарын шайлоого жана шайланууга;
– Элдик Курултайдын күн тартибиндеги маселелер боюнча талкууга катышууга жана сүйлөөгө;
– жергиликтүү курултайдын тапшырмасы боюнча маселелерди Элдик Курултайдын кароосуна алып чыгууга;
– ушул Жободон келип чыгуучу башка укуктар.
Элдик Курултайдын чечимдери катталат жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү сунуштама катары мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.
Элдик Курултайдын материалдарын жана чечимдерин каттоонун, сактоонун жана пайдалануунун тартиби Элдик Курултайдын регламенти менен аныкталат.
– Элдик Курултайдын ишин жүргүзөт;
– Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешин жетектейт, анын ишин өткөрөт жана уюштурат, анын жыйналыштарына төрагалык кылат, анын чечимдерине кол коёт.
Элдик Курултайдын Төрагасы жок учурда анын ыйгарым укуктарын анын орун басарларынын бири аткарат.
Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңеши Элдик Курултайдын жумушчу органы болуп саналат, ал Элдик Курултайдын жыйналыштарынын ортосундагы тыныгууларда Элдик Курултайдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат жана кезектеги Элдик Курултайдын күн тартибине келип түшкөн сунуштарды чогултат жана жалпылайт.
Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңеши өзүнүн ишин зарылчылыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес жыйналыштарды өткөрүү менен камсыз кылат.
– анын шайлануу мөөнөтү аяктаганда;
– ал Элдик Курултайдан чыгуу жөнүндө арызын бергенде;
– ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
– делегаттын каза болушу;
– соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде ал аракетке жөндөмсүз, дайынсыз жок деп таанылса;
– мамлекеттик же муниципалдык кызматка киргенде.
Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүнүн тартиби
Уюштуруу комитети зарылдыкка жараша Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
Элдик Курултайдын делегаттары өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg