www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азиянын мамлекет башчылары Чолпон-Атада жолугушуу өткөзүп жатат, бир кезде тыныгуу убакыт болуп калды. Кой көптөн бери жолугуша элекпиз, бир жакшы черибизди жазып анекдот айтып алалы дешет. Борбор Азиянын мамлекет башчылары дайыма жолугуп бири-бирине анекдот жүрүшүп анекдотторду жатка билип калган. Ошондуктан, убакытты үнөмдөш үчүн анекдотторго номер коюп алышкан. Казакстандын мамлекет башчысы Токаев анекдот баштайт:
-Жыйырма эки! –дейт, угуп отургандар бүт шарактап күлүп, ушул айтканы мыкты анекдот көптөн бери жакшы күлө элекпиз дешет.
Мен дагы бир анекдот айтып койойун дейт Өзбекстандын лидери Мирзияев бардыгы кулагын төшөп калышат:
-Кырк жети! –дейт, жакында президент болгон Сердар Бердымухаммедовдон башкаларынын боору эзилип калат. Сердар Бердымухаммедов жаңы президент болсо элдин көңүлүн ачканга бир анекдот айтайын дейт. Кубанып турган мамлекет башчылары анын анекдотун угалы дешет. Сердар Бердымухаммедов жаңы гана келип кайсы анекдоттун номуру канчанчы экенин билбейт, болжоп туруп:
-Он үч! –дейт, жанагы каткырып жаткан мамлекет башчыларынын бири жок, бары тең сумсайып калышат. Өзбек лидеринин жубайы Сердар Бердымухаммедовдун жанына басып келип: “Ушунуңуз уят да!” - деп, мамлекет башчыларынын жубайлары бүт чыгып кетет.
-Сердар мырза биз өтө уяттуу анекдотторду жубайларыбыз жокто гана айтышабыз, жубайларыбыз барда мындай уяттуу анекдотту айтпайбыз.-дешиптир мамлекет башчылары.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»