www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келе жаткан 2023-жылы Жапаровдун күнү бүтөт экен. Бул күбүр-шыбыр маалыматка караганда Минкабдын төрагалыгына Бакыт Төрөбаев даярдалып жатыптыр. Билинбеген саясат менен Арка жана Анжиянга бөлүнгөн кыргыздарда башынан президент Аркалык болсо, өкмөт башчысы анжияндык болуп келген. «Эки энеге тел кулун» Байсалов эки Жапаровго эркеле албай, бир Жапаров, бир Төрөбаевге эркелеп калар.

15-ноябрга карата Баткенде талкаланган 420 үйдүн ичинен эки гана имараттын чатыры жабылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысынын орун басары Жолдошбек Абдраев билдирди.

Анын айтымында, учурда 409 үйдө курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 170инде фундамент куюлса, 55инде азыр да куюлууда, 160ында дубал тургузулуп жатат.

Депутат Шайлообек Атазов Каржы министрлиги подрядчы компанияларга акча которууну кечеңдетип жатканын билдирди: «Эки фирма акча которулбай жаткандыктан курулушту баштай албай турганын билдиришкен. Мейли, бир убакта эки үй курсаң, анда сөзсүз кышка үлгүрөсүң», - деди ал какшыктап.

Эл өкүлү ошондой эле вице-премьер-министр Эдил Байсаловду Баткенге бир айга командировкага жөнөтүүнү сунуштады: «Социалдык-экономикалык маселелерди чечкен аткаминер Баткенде бир ай жашасын. Болбосо ал азыр тайраңдап тойлордо тост көтөрүп жүрөт. Же министрлер кабинетинин курамын толугу менен өзгөртүүнү президентке сунуштайлы», - деди ал.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылган. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. Тажикстандын кол салуусунан 206 адам жабыркап, 63 адам каза болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости