www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулдагы жарылуунун алдын ала себеби аталды

Стамбулдун Фатих районундагы өрт унаадагы техникалык мүчүлүштүктөн улам чыкканын Sozcu гезити жазды.

Басылмага белгилүү болгондой, өрт чыккан унаанын ээси айдап баратып дизель майынын жытын сезгенин айткан. Айдоочу банкоматтан акча алуу үчүн унаасын токтоткон. Ошондон кийин унаа өрттөнө баштап тез эле башка унааларга да өткөн. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери өрт өчүрүүчүлөр менен кеңешкенден кийин теракт же өрт коюуну көрсөткөн эч кандай далил табышкан эмес. 

«Сабах» гезити ошондой эле унаанын айдоочусу айдап баратып түтүндү байкап, жол жээгине токтоп, элден жардам сураганын жазган. Анын унаасын каптаган жалын башка унааларга да өткөн. Ошол эле учурда өрттүн кесепетинен унаалардын бири жарылып кеткен.

Буга чейин Фатих аймагында жардыруулар болуп, андан кийин бир нече унаа жалынга оролгондугу айтылган. Бул аймакта шаардын көптөгөн тарыхый жана маданий кооз жерлери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости