www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында 2022-жылдын октябрына чейин унаа министри болуп турган Эркинбек Осоев Японияга элчи болуп кетти. Резиденциясы Токиодо болгону менен Австралия, Жаңы Зелендия, Филиппин сыяктуу мамлекеттерге да элчи. Япония талкаланган аскердик инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн Украинага 5,5 млрд доллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида жакында өткөн Токиодогу глобалдык форумда билдирди. Ал Украина президенти Владимир Зеленскийди “Чоң жетинин” (G7) онлайн саммитине катышууга чакырды. Associated Press агенттиги кабарлагандай, саммит учурунда G7 өлкөлөрү Украинага көрсөтүлө турган колдоонун кийинки кадамдарын талкуулайт.
Согуш башталгандан бери Япония Украинага 600 млн доллар өлчөмүндө каржылык жардам пакетин жана дагы жүздөгөн миллион долларга эсептелген гуманитардык жардамдарды жөнөткөн. Орусияга каршы АКШ жана Евробиримдик киргизген санкцияларга Япония дагы кошулган. Натыйжада, Орусияга вакцина, медициналык жабдууларды жана роботторду жеткирүүгө тыюу салган. Мындан тышкары, радиоактивдүү материалдарды, атомдук объектилердин тетиктерин, мунай жана газды чалгындоо үчүн жабууларды берүү токтотуп, орус жарандарына жана компанияларына санкция салган.
Япониянын паспорттору менен дүйнөнүн 191 өлкөсүнө барса болот, АКШтыкы мененчи?АКШ менен Улуу Британиянын паспорттору рейтингден бара-бара түшүп жатат. Экинчи дүйнөлүк согуш АКШ атом бамбасын ыргыткандан кийин 1945-жылы 2-сентябрда Японияда аяктаган. Ал эми үчүнчү дүйнөлүк согуш салаңдап жылмайып турат. Улуу Британиянын “Экономика” деген журналы бир учурда төрт атчандын сүрөтүн басып чыгарган. Бул төрт атчан ачарчылык, жугуштуу эпидемия, согуш жана диктатуранын белгиси. Ошондон көп өтпөй Кытайда коронавирус пайда болуп, акыры бүт дүйнөгө тарап кеткен. Ушул эпидемиянын айынан жана Орусиянын Украина үчүн Батыш менен тирешкени көп мамлекеттерде ачарчылык пайда болду. Ушул согуштун айынан дүйнө эли “мальтусчуларга” каршы ачык дүйнөлүк согушка чыгышты. Айланабызды байкасак малга “чип” тагылып, аларды башкарып, таап алууга оңой жол табылды, эми “мальтусчулар” же калкты азайткысы келгендер, калкты азайтуунун жаңы жолун табышты. Бул боюнча элге дартты жайып, дарылануу үчүн калкка “чип” тагуу, бир жагынан согуш болуп жатса, экинчи жагынан “чиптештирүү” башталды.
Кыймыл эркиндиги индексинин негизинде дүйнөдөгү эң жагымдуу жана ыңгайлуу паспорттордун рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу LADbible басылмасы жазып чыкты. Жаңыланган Henley Passport Indexтин рейтингине ылайык, Япония кайрадан дүйнөдөгү "эң күчтүү" паспорттун ээси деп таанылды, япондор эң көп өлкөлөргө визасыз кирүүгө мүмкүндүк алышкан. Акыркы 4 жылдан бери Япония биринчи орунду ээлеп келет. Саякат тизмесине акыркы толуктоо 2022-жылы киргизилген, анда Бразилия жапон жарандарына визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берген. Жаңы маалыматтар боюнча, жапон паспортунун ээлери 191 өлкөгө визасыз саякаттай алышат.
Экинчи орунду дагы бир Азия өлкөсү Сингапур алды. Сингапур паспортунун ээлери 190 өлкөгө визасыз кире алат. Андан кийин 189 өлкөгө визасыз саякаттоо менен Түштүк Корея жана Германиянын паспорттору турат. Андан кийин Финляндия, Люксембург, Испания жана Италиянын паспорттору бар, алар 188 өлкөгө алдын-ала берилген визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эксперттер дал ушул Азия өлкөлөрү рейтингдеги позицияларын тездик менен жакшыртып жаткандыгын белгилешти. Мисалы, акыркы бир жылдын ичинде Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Аравия эки позицияга көтөрүлүп, 18-орундан 16-орунга көтөрүлсө, он жыл мурун БАЭ рейтингде 65-орунду гана ээлеген.
Ошол эле учурда, АКШ менен Улуу Британиянын паспорттору рейтингден бара-бара түшүп жатат. Акыркы бир жылдын ичинде алар 6-орундан 8-орунга түшүп кетишти. Эми Улуу Британиянын жана Американын паспорту менен дүйнөнүн 184 өлкөсүнө визасыз кире аласыз.
Кыргызстан 80-орунда Армения менен тең келе жатат. Кыргызстандыктардын, ошондой эле Армениянын паспортторунун ээлери 63 өлкөгө олуттуу чектөөлөрсүз саякаттай алышат. Рейтингдин эң төмөн жагында Афганистандын паспорту турат, болгону 26 мамлекетке визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү бар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg