www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынчы чакырылыштагы парламентте Алтынбек Сулаймановдун «Бир бол» фракциясынан Кубанычбек Жумалиев депутат болгон. Жумалиев таламандын дал түшүндө туруп-туруп эле ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин атын Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна берели деп кошомат жыттанган демилге көтөрүп чыккан. Арийне, ал кездеги «чимкирик» депутаттар анын демилгесин колдоого алган эмес.

Ошол эле алтынчы чакырылыштагы парламентте Өмүрбек Текебаевдин «Ата-Мекен» фракциясында Сайдулла Нышанов деген депутат чыккан. Нышанов таламандын дал түшүндө туруп-туруп эле ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз эл баатыры» наамын берели деп кошомат жыттанган демилге көтөрүп чыккан. Ал кездеги «чимкирик» депутаттар анын демилгесин түп көтөрө колдоп, жаңы эле президент болгон Сооронбай Жээнбеков эң алгачкы жарлыгы менен мурдагы президент  Атамбаевге «Кыргыз эл баатыры» наамын бергени менен, ал үч жыл абакта жатып чыкты.

Жогорку Кеңештин жыйынында Эмил Жамгырчиев Бишкекте Горький көчөсүндө жана Ахунбаев-Алматы көчөлөрүндө эки ботаникалык бак бар экенин эске салып, ботаникалык бакты трансформациялап, президенттин урматына анын атын берүүнү сунуштады. 

Ал бул туурасында: "Ахунбаев-Алматинкадагы Ботаникалык бактын аянты 100 гектар, Горький көчөсүндөгүсү 50 гектар. Жалпы 150 гектар жер азыр Илимдер академиясынын балансында. Ботаникалык бакты 60 кызматкер карайт. 20 адам чарба жагына жооптуу. Калган 40ы илимпоздор. Ошондо, 150 гектар жерди болгону 20 адам тейлейт.

Бакчалардын азыркы абалын карагылачы. Керек болсо иттер да барбайт. Жалаң баңгилер, зордуктоо болуп жатат. Балким, Ботаникалык бакты улуттук парк кылып, президенттин атын бериш керекпиз? Сөз жашылдандыруу жөнүндө болуп жатат. Мына ушуга көңүл бургула, каражат бөлгүлө”, - деп Жамгырчиев президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Эл өкүлүнүн сөзүндө жан бар. Каралбай, талкаланып жаткан бакчага президенттин атын берип сактап калсак деген ниети жакшы. Бирок бул жагдайды, айрымдар кошомат катары баалап, "самын" деп сынга алууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости