www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ары жагы Анжиянга, капталы казактарга, бери жагы Бээжинге (Үрүмчүнү Кичи Бээжин дешкен) чейин даңазасы кеткен Эсенбай да кылым карытып, алоолонгон улуу согуш алдында өлбөс жайына узаган. Бул согуш оңойго турган жок, Эсенбайдын уулдарынын биринин артынан бирин алып, ал эмес талаада жатып калган Келдибегине да өлдү деген кара кагаз келген. Бирок Келдибекти бул ааламаттан сүйрөп чыгышып, эки бутун кестиргенге макул болбой, Белорусиянын госпиталынан сылтып таякчан үйүнө кайткан.
Ушул согушту дайынсыз жок болуп кеткен Турдубек чыйрак чыгып 12-13 жашында колхоздун ишине аралашып, алган билиминен учетчикке жетип, андан согуш алдында бригадирликти алган. Бригадирлик оңой кызмат эмес, жаш болсо да жыйырмадан өткөн Турдубек бригадирликти аркалап жүрүп, согушка аттанат, кетер алдында кампачы Жумабай небереси Жыпар менен бир ороо кылып буудай төгүп кетиптир. Жумабайдын небереси Чорто да согушта, ал жакын тууганы Жыпарды алган. Ушул буудайдын калган калдыктары Келдибек согуштан келгенде бар экен. Аман-эсен келген Келдибекти өзү согушта кете электе болуп турган Кара-Суу мектебине директор кызматын беришет. Кан күйүп турган. Көп өтпөй Келдибек Султаке кызы Күлүйпага үйлөнөт.
Улуу жеңиш келип жыл жаңырганда Акылбек аттуу уулдуу болушат. Ошол кезде Карой айлында 3-5 жаштагы Рысбек, Зайырбек, Тынар, Оңолбек деген балдар болбосо жаңы төрөлгөн балдар бүткүл айыл боюнча жок эле. Ошондуктан, бүт Каройдун эрмеги Акылбек болуп, бир айыл эли Акылбектин көзүн карап турган. Анын үстүндө Келдибек да бир мектептин директору катары Карой эмес айлана тегеректеги Алкым, Тогуз-Булак, Кара-Суу, Бокту-Колот, Электр, Үч-Булак жана башка айылдарга кадыр-баркы бар эле.
Ошондуктан, Акылбек бир айыл эли башынан сылаган суу куйбас жөө тентек болуп чоңойгон. Чоң энебиз Сүйүн апа баш болуп, Акылбек ыйласа кошо ыйлаган кемпирлердин кол алдында өскөн. Эркеликке көнүп алган Акылбек карандай чайга сүт куюп коюшса, сүттү бөлүп бергиле деп бакырып ыйлаган, нанды үзүп коюшса, аны эмне үзөсүңөр жамап бергиле деп, анын эркелигинен, анын сөзүн угушуп, чоң апасы Сүйүн баш болуп жип алып келишип, нанды жамап беришкен. Бир ирет 4-5 жашта экен Сапина таэже, Шайымбүбү тажеңе болуп шашылып боорсок бышырып атыптыр. Акылбек келип боорсок сурайт, анын эркелигин билбей «ары турчу» деп коюшат. Акылбек ары барып, шапкесине толтура кык салып, мына бербесеңер койгула деп, боорсок бышырып жаткан казанга салып жиберет. Боорсогу кыкка аралашып жатып калыптыр.
Атасы Келдибек 1949 жылдары Көк-Жарга мектепке директор болуп, Каройдон алысырааак кетет. 1949-жылы Бермет эжекемден кийин кызы Шербет төрөлүп калган. Бермет эжекеге апама оорчулук түшпөсүн деп төркүндөрү көз салган. Шербет эжеке Каройдон төрөлдү деп угуп калгам. Андан соң Жаңы –Жол мектебине директор болуп которулат. Жаңы –Жолдо атамдын агасы Намазбектин кызы Жамила бар эле. Жамиланын кызы Асип окуучу болсо керек, кийин Керим байкеге турмушка чыкты. Өмүрбек байке апамдын сиңдиси Күлбүбүнү алыптыр. Ал жактан Бурул эжеке, Сиезбек байке төрөлсө керек. Сиезбек байкеден 2 жаш кичүү Айнагүл кыз болгонун жаш кезинде чарчап калганын кулагым чалган.
Акылбек баш болгон 5-6 балалуу атам Келдибекти 1955-жылы Төлөк жатак-интернатына которот. Ал жактан Замирбек, Дамирбек деген балалуу болот. Ошентип, жетөө, кийин 1964-жылдан кийин, директор болуп турганда төрөлүшкөн Венера, Жаныбек, Жалын атам мектеп директору болуп турганда туулушкандар. Калгандары Айнур, Айгүл, Гүлнур жана Азизбек атам башкарма болуп турганда туулушкан.
Атам 1959-жылдын аягы башкарма болгон соң Кара-Сууга көчүп келет. Ал кезде колхоздор ирилешип, Карой, Алкым, Тогуз-Булак, Кара-Суу, Бокту-Колот, Үч-Булак биригишип, Кара-Сууга чоң айыл түшүп калган. Атам «Эл башы болгуча суу башы бол» деп, айылдын башына суунун түбүнө какыраган талаага түшөт. Маңдайыбызга Рысбек байке, андан ылдый Керим, Болотбек байкелер түшкөн. Чоңчарыктар ылдый жакка түшөт, атамдар сыртта жүргөндө Керим, Болотбек байкелер ылдый суусу жок жерге үркүп, ордуна Жума менен Каскан түшүп калат.Кийин ал кишилер түшкөн жерге отура бербей деп өкүнүп калышты. Себеби ал жакка суу барыш өтө оор эле, 1980 –жылдары суу түтүктөрү салынды ага чейин бир-эки жерден эле суу акчу.