www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык миллиардер Илон Маск болжолдуу түрдө “Вагнер” тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин учуп бараткан учактын кыйрашына комментарий берди.

Ал X (Twitter) социалдык тармагынын колдонуучуларынын биринин авиакырсык "көп күттүрбөгөнүн" жазган билдирүүсүнө жооп берди. Маск ошондой эле "бул психологиялык операция" болушу мүмкүн деген божомол келтирди.

Америкалык лидер Джо Байден да Тверь облусунда бизнес-учагынын кыйрашына комментарий берди. Анын айтымында, болгон трагедия аны таң калтырган эмес. Мамлекет башчы белгилегендей, ал учактын кыйрашынын себептери тууралуу суроого жооп алуу үчүн жетиштүү маалыматка ээ эмес.

Тверь облусунда “Эмбрайер” учагынын кыйрашы фактысы боюнча 1-берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

“Бул боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (жол кыймылынын жана аба транспортун эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу)”,-деп билдирди Россиянын Тергөө комитети.

Эске сала кетсек, 23-август күнү кечинде учак кырсыгынан Евгений Пригожин каза болгонун "Вагнердин" жетекчилигине жакын Gray Zone Telegram каналы билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости