www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус президенти Владмир Путин Кыргызстанда орус тилдүү мектептердин курулушуна старт бериши мүмкүн экенин «Ведомости» гезити президенттик администрацияга жакын эки булакка таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Владимир Путин Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров менен бирге Кыргызстанда орус тилдүү мектептин курулушун ишке киргизүү аземине видеоконференция аркылуу катышары талкууланууда.

Буга чейин билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеген КР Министрлер Кабинетинин Аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустинге Кыргыз Республикасында тогуз мектеп куруу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлганын билдирген. Жогорку Кеңеште үч окуудан тең өтүп, президентке кол коюуга даярдалып жаткан.

2025-жылга чейин алгачкы мектептерди куруу пландалууда. Бир мектептин баасы 500 миллион рублду түзүп, анда 1200 мектеп окуучусу билим ала алат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости