www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго Чүй облусунун Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо фактылары боюнча Д.А., Р.Д. жана Р.Юдан арыз түшкөн. Бул тууралуу маалымат борбордун сайтында жарыяланды.

“Арызда 2023-жылдын 20-июлунда милиция кызматкерлери Д.А.ны РИИБдин имаратына алып келип, кеңселердин биринде колу менен сабап, башына жана денесинин башка жерлерине тепкилеп, баштык кийгизип башташканы айтылат. Кылмышты мойнуна алуу үчүн башына уксус куюлган баштык кийгизишкен. Кыйноо саат 11:00дөн таңкы саат 4кө чейин уланган”, - деп айтылат борбордон.

27-июлда аталган борбордун кызматкерлери Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына барышып, Д.А.нын денесиндеги жаракаттарды документке катташкан.

“2023-жылдын 20-июлунда Р.Д., Р.Ю.нун билдирүүсүнө ылайык, милиция кызматкерлери аларды Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө чакырып, мекемеге келгенден кийин кызматкерлер аларды колдору менен сабап, башына тээп жана дененин башка бөлүктөрүнө жаракат келтишикен, уксус куюлган баштыкты баштарына кийгизген. Аларга карата колдонулган кыйноо ыкмаларына туруштук бере албаган Р.Д. өзүнө каршы, Р.Ю. агасы менен атасына каршы көрсөтмө берген”, - деп айтылат борбордун маалыматында.

Кыйноолор боюнча бардык арыздар УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости