www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунда күйөөсү кош бойлуу аялын бычактаган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-август күнү саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБге арыз келип түшкөн. Анда 33 жаштагы С.И., аттуу жаран оор жаракат менен ооруканага кайрылгандыгы боюнча билдиришкен.

Бул факты маалыматтык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 40 жаштагы Л.И., аттуу жаран өзүнүн үйүндө аялы С.И., менен пикир келишпестиктен улам ага учтуу нерсе менен сайып жибергендиги аныкталган. 

Натыйжада жабырлануучуну туугандары аны Ош облусттук төрөт үйүнө жеткизишкен. 

Бул жагдай боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.

Окуя боюнча күбөлөр суралууда. 

24-август күнү аталган окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин  37 (кылмыш жасоого аракеттенүү)-122 (Адам өлтүрүү) берененин 2-бөл. 2-п. менен кылмыш иши козголгон. 

Кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү жаран Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары улантылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош облустук төрөт үйүнө бычактан алган жаракаттары менен кош бойлуу аял келип түшкөнү кабарланган. Дарыгерлердин айтымында, түйүлдүктү сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости